Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 514
Девять партий заявили о связи «Ата-Журт Кыргызстан» с Ташиевым

Акыркы жергиликтүү шайлоолордун жыйынтыгы менен жергиликтүү, шаардык кеңештерге жаңы күчтѳр, жаңы жүздѳр келди. Бул тууралуу “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын бүгүн, 10-октябрда болуп жаткан съезддинде партиянын лидери Айбек Маткеримов билдирди.

Айтымында,жергиликтүү шайлоолордо “Ата-Журт Кыргызстан” партиясы да жеңишке жетишип, жер-жерлерде алдыңкы позицияларга ээ болду жана  партиянын жаш, прогрессивдүү, өлкөбүздү талап-тоноого катышпаган, мамлекетибиздин мүлкүнө кол салбаган, элибиздин ырыскысын жебеген мүчѳлѳрү депутат болуп шайланышты.

“Партиянын  тизмесинин катарында  басымдуу кѳпчүлүгү жаштар, мурда, кийин саясатка аралашпагандар болушту. Бул жагдай шайлоочулардын ишенимин арттырып, ѳз добуштары менен партиябызды колдоого алышты.

Бул биздин жеңиш, биздин ийгилик, ошондой эле бизге жүктѳлгѳн чоң милдет жана жоопкерчилик!

Шайлоочулардын минтип зор ишеним артуусу бизге жаңы күч, дем берип, эми алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгүнө аттанып жатабыз. Жараткан колдоп, жолубузду ачсын!” - деди ал.

Андан ары лидери партиянын программасы менен тааныштырды:

“Биздин партиянын программасы – “Ата-Журт Кыргызстан – туруктуу ѳнүгүү жолунда” деп аталат. Программабыздын аталышы эле айтып тургандай, биз, ата-журтчулар Кыргызстаныбыздын туруктуу ѳнүгүүсүн, ѳлкѳбүздѳ туруктуулук болуусун кѳздѳйбүз. Бул биздин партиянын, ата-журтчулардын башкы максаты.

Биздин программа туруктуулук, ѳлкѳбүздү ѳнүктүрүү, Ата-Журтубуздун ынтымагы, мамлекеттүүлүктү бекемдѳѳ, улуттук жана маданий баалуулуктарды ѳнүктүрүү, Ата-Журтубуздун келечеги жана саясий, илимий-техникалык интеграция деген 7 багыттан турат.

Алдыдагы шайлоодо элибиз колдоого алып, ишеним артышса, биз саясий, социалдык, экономикалык, финансылык туруктуулукту камсыз кылууга, элибиздин, мекенибиздин кызыкчылыгы, келечеги үчүн тилектеш саясий күчтѳр, кыймылдар менен тыгыз иштешүүгѳ даярбыз.

Ошондой эле ѳлкѳбүздѳгү кѳп улуттуу элдердин биримдигин, ынтымагын камсыз кылууга, мамлекетибиздин чек араларын кѳздүн карегиндей сактоого, мекенибиздин жаркын келечеги үчүн күрѳшүүгѳ болгон күчүбүздү, билимибизди, тажрыйбабызды жумшайбыз. Бул биздин партиянын мүчѳлѳрүнүн негизги милдети болот.

Биздин партиянын эң негизги максаттарынын бири - жемкорлор менен күрөшүп, эл душмандарын жазалоо. Себеби, өзүңүздөр билесиздер, отуз жылдан бери бир ууч уурулар өлкөбүздү каалагандай талап-тоноп келди, мына бүгүн да алар баштарына кара булут айлана баштаганын сезип, аларга каршы аеосуз күрөш ачкан патриот жетекчилерге бут тосууга аракет кылууда. Биз буларга жол бербейбиз! Анткени, алдыбызда журтубуздун эркиндиги, келечеги турат. Сүйүктүү өлкөбүздү өркүндөтүп, өстүрүүгө азыр бардык мүмкүнчүлүктөр бар. Мына ушул колубузда турган мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып, өлкөбүздү өнүктүрүп өстүрө турган мезгил келди”, - деп белгиледи Маткеримов.