Девять партий заявили о связи «Ата-Журт Кыргызстан» с Ташиевым

“Партиябыздын бүгүнкү курултайын ѳткѳрүү менен саясий тарыхтын жаңы барагын жазып атабыз. Анткени, саясий партиялардын шайлоо алдындагы кабыл алган чечимдери ѳлкѳбүздүн саясий, социалдык жактан ѳнүгүүсүнѳ түздѳн түз таасир этет. Демек, бүгүнкү “Ата-Журт Кыргызстан” саясий партиясынын  иш-чарасынын  тарыхый мааниси  чоң”, - деди “Ата-Журт Кыргызстан” партиясынын лидери Айбек Маткеримов партиянын бүгүнкү съезддинде сөз сүйлөп жатып.

“Демократиялуу ѳлкѳлѳрдүн башкы принциптеринин бири – таза, ачык шайлоолордун ѳтүүсү. Тилекке каршы, ѳткѳн жылдын октябрындагы парламенттик шайлоолор болуп кѳрбѳгѳндѳй  мыйзам бузуулар менен ѳтүп, ал элдин нааразычылыктарын жаратып, эл шайлоонун жыйынтыктарын жокко чыгарууну талап кылышып, жыйынтыгында баарыбыз билген окуялар орун алды. Анын натыйжасында алдыда кезексиз парламенттик шайлоо ѳткѳнү турат. Элдин, коомдун талабы дагы деле ошол бойдон, ѳзгѳргѳн жок.  Ачык, таза, шайлоо мыйзамдарынын талабына, эрежелерине тѳп келген шайлоону ѳткѳрүү. Ѳткѳн жылдын октябрындагы окуялардан кийин президенттик, жергиликтүү кеңештерге шайлоолор ѳттү. Ачыгын айталы, шайлоолордун таза ѳтүүсүнѳ ишеним, үмүт пайда болду. Анткени, президенттик шайлоонун ѳтүүсүндѳ административдик ресурстарды колдонуу, добуш берүүнүн жыйынтыктарын бурмалоо, партияларга басым кѳрсѳтүү кѳрүнүштѳрү болгон жок. Атүгүл жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуштарды сатып алуу фактылары орун алып, Бишкек, Ош, Токмок шаарларына кайрадан шайлоолор ѳткѳрүлдү. Эгерде буга дейре шайлоодогу мыйзам бузуу,  добуштарды сатып алуу фактыларына кѳз жумду мамиле болуп, шайлоочулардын нааразычылыктары эске алынбаса, бул ирет андай болгон жок. Бул шайлоочулардын бүгүнкү бийликке болгон ишенимин жандандырды.

Бул ѳңүттѳн алганда, президент Садыр Нургожоевичтин “мындан ары шайлоолор таза  ѳткѳрүлѳт, шайлоонун таза, ачык ѳтүүсүнѳ тоскоолдук кылган мамлекеттик органдар, кызмат адамдары мыйзам чегинде жоопко тартылат!”- деп айткандары аткарылууда. Биз шайлоонун бул сапар таза өтүшүнө ишенебиз!”, - деди лидер.