Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев 28-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоонун өзгөчөлүгү тууралуу айтты:

- Жогорку Кеңешке партиялык, болгондо да ачык, ар бир талапкерге түз добуш берүү тизме менен 54 депутат шайланганы турат...  Күңгөй-тескейи көп мындай шайлоо системасынын. 

Бирок мага изилдөөчү катары бир нерсеси жагып турат: ар бир саясий лидердин, саясатчынын жеке аброю аныкталганы калды, буюрса! Болгондо да, тек гана өзүнүн айылында гана эмес, бүт мамлекет боюнча!

Эми "Асандын талапкерлери көп, Үсөндүн электораты жок" деген мурун эч нерсеге негизделбеген талаш- тартышка чоң чекит коюлат!

Экинчиден, элдин да ДААНА маанайын көрөбүз! Кимге, кайсыл жерде, канча добуш берилгенинен эле маанилүү жыйынтык чыгарабыз , буюрса.

Үчүнчүдөн, жердештик, туугандык, регионалдык, этникалык,диний, жаш-курактык, жыныстык  факторлор канчалык шайлоо убагында иштеер-иштебесине да баа беребиз.

Илимий социологиялык жана политологиялык жактан баамдаганда өтө кызык шайлоо болчуудай! Тынч өтсүн! Баардык талапкерлерге ийгилик каалайм!