Садыр Жапаров "Кумтөр" боюнча Кыргызстандын жеңишине ишенип жатат, а бул эми эле жеңиштин кайсы бир даражасына айланды. Мамлекет башчысы башкаларга караганда көптү билет, демек ишеничи реалдуу. Мындай пикирин экономика илимдеринин доктору жана экс-депутат Бейшенбек Ишенов билдирди. 

"Президенттин оптимизмин колдойм. Демек, ал өзүнүн жеңишине ишенип турат, бул деген кайсы бир деңгээлдеги жетишкендий. Албетте, эл аралык соттон жеңип чыгуу оңой эмес, ал жылдарга созулушу мүмкүн, а бирок биз эмнеге баратканыбызды билгенбиз. Бүгүн Кыргызстан менен канадалык инвесторлордун ортосундагы чыңалуу катуу күчүнө киргени менен аларды такыр эле кубалап салууга зарылчылдык жок. Болбосо биз кендеги көйгөйлөрүбүз менен жалгыз калабыз. Мында экологиялык да маселелерди эске алуу керек. Жакшысы алар өздөрү келтирген зыяндын ордун толукташсын. Кыязы, ушул себептен улам кыргыз бийлиги Швейцарияда "Центерранын" жетекчилиги менен сүйлөшүүгө макул болушса керек деп ойлойм. Бул даанышмандык менен жасалган кадам болду", - деди экс-депутат. 

Эске салсак, 2021-жылдын 12- майында "Кумтөр" кениндеги ишмердүүлүктү иликтеген мамлекеттик комиссиянын ишинин жыйынтыгын чыгарган. Анда комиссия толгон-токой экологиялык эреже бузууларды табышкан жана "Центерранын" келтирген зыянын 4 миллиард 252 миллион долларга баалашкан.