Садыр Жапаров "Кумтөр" боюнча учурда эл уккусу келип жаткан маселени айтты. Мындай пикирин Жамин Акималиев билдирди.
Эске салсак, президент Садыр Жапаров кыргыз элине кайрылуу жасап, анда Кыргызстан "Кумтөр" боюнч эл аралык сотто сөзсүз жеңишке жетишээрине ишеними чоң экенин белгилеген.
Жамин Акималиевдин пикиринде, мамлекет башчысынын оптимизми ыктуу. Мындан башка вариант болушу мүмкүн эмес.
"Азыр баарыбыз уккубуз келген сөздү Садыр Жапаров айтты. "Кумтөр" кыргыз элиники, демек кыргыз мамлекетинин кызыкчылыгы үчүн иштеши керек. Канадалык компания кыргыздын сатылма, коррупционер аткаминерлерин сатып алуу менен одоной мыйзам бузууларды жасаган жана биз аны далилдеп, сөзсүз адилеттүүлүккө жетебиз", - деди академик.
Ошондой эле, ал Кыргызстан менен "Центерра" компаниясынын жетекчилигинин ортосундагы сүйлөшүүлөр да өлкө үчүн пайдалуу болоорун айтат.
Ал белгилегендей, айрым учурда соттошуп, ресурстарды жана убакытты коротуунун ордуна, сүйлөшүү жолу менен бир пикирге келүү маанилүү. Бирок Кыргызстан мында "Кумтөр" - элдики жана ал элге таандык болуусу керек" деген шартка бекем турушу зарыл.
"Мөңгүлөр бир нече миллиарддаган суунун запасы, аларды биз коргошубуз керек. Келечекте экология жабыркабай тургандай шарттарды түзүү кажет. Канадалыктар ага макул болгон учурда гана жеңилди берүү мүмкүн", - деди Жамин Акималиев.