Дары-дармекти ташуу жаатында иш алып баргандардын баары Жогорку Кеңештин депутаттары же Өкмөттө иштеп жаткандар экени өкүндүрөт. Мындай пикирин экс-депутат Турсунбай Бакир уулу "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- Дары-дармекти алып келип элге саткан бизнесмендердин уяты жоктугуна баарыбыз былтыр, коронавирус карантини орнотулганда ынанып калдык. 

Бирок ага чейин да, көз карандысыз өлкө болгонубуздан баштап, дары-дармектердин баасы эбегейсиз көтөрүлгөнүнө күбөбүз. Өзгөчө колунда жоктор жана эптеп тиричилигин өткөрүп жашап аткандар кыйналышты. Дары-дармекти ташуу жаатында иш алып баргандардын баары Жогорку Кеңештин депутаттары же Өкмөттө иштеп жаткандар экени өкүндүрөт.

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин фарм мафияны ачыкталганы тууралуу билдирүүсүнө чейин фармацевттик мафия эч кимди тоготпой кутуруп жаткан. Эми жыландын куйругун баскандан кийин Камчыбек иним сөзсүз жыландын башын жанчышы керек. Болбосо жылан өзүн чагып иш көрсөтөт. Дары-дармектер эми сөзсүз арзандайт.

Жогорку Кеңештин 5-чакырылышында “Кыргыз Республикасында дары-дармектердин бааларын мамлекеттик жөнгө салуу жана көзөмөлгө алуу жөнүндө” мыйзамдын долбоорун жазып Өкмөт менен Жогорку Кеңешке сунуштагам. Бирок, ал мыйзам долбоорун учурунда карабай, кийинки Жогорку Кеңештин кароосуна калтырышкан болчу. 6-чакырылыштын депутаттары азыр  Камчыбек Ташиевге жана элге жардам беребиз дешсе, архивде жаткан ошол мыйзамдын чаңын сүртүп, мөөнөтү бүткөнгө чейин бир күндө кабыл алып коюшса болот. А ажобуз Садыр Жапаров ал мыйзамга кол коёруна толук ишенем.