- Каныбек агай, УКМК камакка фарм компаниянын кыңыр иштерин ачыктаганы тууралуу маалымат таратты. Буга кандай пикирдесиз?

- Жок! Мындай чара эч кандай натыйжа бербейт. Акыркы 15 жылда фармамафия болуп көрбөгөндөй кутуруп кетти. Элдин гана шору болуп жатат. Былтыркы коронавирус апааты эмне эсиңерден чыгып калдыбы? Ошол кездеги бийликтин кылыгы - бул чоң кылмыш. Убагындагы фашисттерден дагы ашып түшүшкөн.

Баарыбыздын эле башыбыздан өтпөдү беле? Кээ бир дарыларды 50-100 эсе ашык баа менен алганбыз. Бүткүл Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму баш болгон чет элден келген каржыларды көз көрүнө эле жеп кетишти эле го?

Ошондуктан, фарм продукциялары  өкмөттүн колунда болушу керек. Ал турсун мамлекеттик монополияны киргизүү зарыл болуп турат. Антпесек мафиянын жаңы түрү пайда болгон. Ал «врач-аптека»! Биринчиси рецепт жазат, экинчиси ошол рецеп боюнча дары-дармек сатат.

Алардын үстүнөн дагы «жүндүү колдор» көзөмөлдөп турат. Ушундай арам жол менен табылган акчаларды өз ара бөлүштүрүп алышат. Натыйжада кыргыз генофонду коркунучта калды! Ошондуктан, көрүлүп жаткан чечкиндүү чаралар туура. 

- Эмне кылсак фарм мафияны тизгиндей алабыз?

- Бир гана чара эффективдүү иштей алат. Ал бардык дары-дармектерди мамлекет өзүнүн монополиясына алуусу керек! Албетте, чоң саясый эрдик талап кылынат. Бирок башка жолду көрбөй турам. Биротоло эле ээн баш болуп кетишти! Карапайым эл дарыларды алууга каражаттары жетпей калды. Мындай абалды улутка болгон геноцид катары эле баалашыбыз керек!

- Баса, Афганистанга гумжардам жөнөткөнүбүз талибдердин өкмөтүн тааныганыбызбы же тышкы саясатта өз алдынча маселе чече алаарыбызды далилдегенибизби?

- Азыр талибдердин айланасында абдан кызуу саясый оюндар жүрүп жатат. Кипплингдин Батыш менен Чыгыш жөнүндөгү учкул пикири орун албай эле  баары аралашып башаламан түшүп жатып калышты. Мунун себеби дагы бар. Анткени, акыркы 10 жылда башталган геосаясий оюндары азыр өзүнүн апогейине жетип турат. Отко керосин чачкандай болуп бир ай мурда талибдер Афганистанды 3 күндүн ичинде эле ээлеп алышты. Менмин деген АКШ качып чыкты. Демек, азыр жаңы позициялык оюндар башталып жатат. Анын табияты абдан өзгөрүлмөлүү болуп, көп өлкөлөрдүн тышкы иштер боюнча саясатынын дараметин сынап коёт.  Ошондуктан бир нече өлкөлөр "Биз талибдер менен кызматташууга даярбыз!" -деген "дүжүр" сөздөр менен эле чектелип коюшту. Алар биздин эле кошуналарыбыз Казакстан, Өзбекстан жана Кытай. Ал эми расмий Дүйшөмбү болсо Афганистандагы тажик этносун колдоп талибандарга ачык эле кыр көрсөтүп жатышат. Ушундай шартта биз Катар мамлекетине кошулуп гумжардам жөнөттүк. Шашып кеткен жокпузбу? Айта албайм. Биздин расмий бийликтин дагы калың элге билдирүүгө мүмкүн болбогон кандайдыр бир билгени бардыр? Убакыт баалайт. Бирок талибдердин өкмөтүн расмий таанууга али өтө эле эрте! Кошуналардан бөлүнбөй, кызматташтык жана интеграциялык милдеттерибизди сактап эле саясат жүргүзгөнүбүз туура болоор!