- Турсунбай мырза, жаңы жазылган шайлоо мыйзамы менен Жогорку Кеңешке “эл үчүн иштейм, элимдин маселесин чечем, элдин турмушун жакшыртууга салым кошом”- деген инсандарды шайлай алабыз деп үмүт артсак болобу?
- Менде андай үмүт жоголду, себеби менин сунушум бөлөкчө болчу. 2020-жылы октябрь айында Садыр Жапаров майдандан элге кайрылганда, мен анын “партиялык шайлоо жок болуп, бир мандаттуу округдардан гана эл өкүлдөр шайланат”- деген демилгесин чын дилден колдогом. Андан кийин Садыр Жапаровдун демилгелерин жана өзүбүздүн ойлорубузду камтыган Конституциянын долбоорун жазганбыз. Бирок, Конституциялык кеңешмеге кошулгула деген сунуштан баш тарттык. Анткени, ал кеңешме Жогорку Кеңеш тарабынан түзүлүп, депутаттардын ою бир мандаттуу округдардан шайлоо эмес, аралаш системаны ишке киргизүү болду. Өкүнүчтүүсү, 2020-жылдын октябрь айында майданда айтылган ойлордун, сөздөрдүн баары эле Шайлоо кодексине кирбей, кирсе да өзгөрүлүп, бурмаланып калды. Ошондуктан бул жаңы шайлоодо да, эски саясий ыкмалар (политтехнология) иштетилет деген ойдомун. Бирок партиялык тизме менен шайлоого караганда бир мандаттуу аймактарда күрөш тазараак болот деген ойдомун.
- Бул шайлоо эмнеси менен өзгөчөлөнөт? Айрымдар партлидерлер таасирин жоготот деп жатышат го?
- Жаңы шайланган Жогорку Кеңештин өзгөчөлүгү - бир да саясий партиянын үстөмдүгү болбойт. Анткени, үстөмдүк кылууга депутаттардын саны жетишпейт. Ошондуктан партиянын лидерлери бөлөк партиялар менен коалицияга барууга же бир мандаттуу аймактардан өздөрүнүн тарапкерлерин көбүрөөк өткөргөнгө аракет жасашат. Негизинен, жаңы парламент ар бир саясий күчтүн компромисске даярдыгын жана дипломатиянын чеберчилигин көрсөтөт.
- Жаңы мыйзам боюнча БШК мандатты талапкерлердин алган добушуна жараша аныктаары маалым болду. Эми мандат талаш, партлдидер менен кармаш деген жок болот деп ишеним артсак болобу?
- БШК да партиялардын сунушу менен калыптанып жатканын унуттуңарбы?! Былтыркы октябрь ыңкылабы (революциясы) да ушул БШКнын айынан болгонун эсиңерден чыгардыңарбы?! Калыстык үчүн айта кетейин. Эгер жаңы Конституция боюнча 100пайыз партиялык тизме менен шайлоодон өлкө баш тартса, анда эмне үчүн БШК жана башка мамлекеттик органдар партиялардын сунушу (квота) менен калыптанып жатат?! Бул нонсенс! Атамбаев президент болгондон бери БШКнын төрайымы болуп келе жаткан Н.Шайылдабекованын күчтүү домкраты ким болду экен?… Ошондуктан мандат берүүдө чыр-чатактар бизди күтүп жатат.
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкан айрым адамдар камакка алынды. Мындай аракеттерден улам бийлик алдыдагы парламенттик жарышты таза өткөзүүгө бел байлады деп түшүнсөк болобу?
- Ошол былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкандардын баарысын мыйзам менен жазалоону азыркы бийлик эмес, азыркы УКМК эмес, а былтыркы бийлик, былтыркы УКМК жасашы керек болчу! Ошондо ыңкылап да болмок эмес, парламенттик шайлоо да таза өтмөк, Сооронбай Жээнбеков да “парламенттик шайлоону таза өткөрүп, жаны реформалардын демилгечиси болду” деген атка конуп калмак. Эсиңерде болсо ошол “партиялык коррупцияга” каршы ЭрК партиясы биринчи болуп көтөрүлүп, БШКга кайрылган болчу. Туурабы? Эми кеч болсо да жаңы бийлик эски бийликтин каталарын оңдоп жатат. Жаңы шайлоодо ошондой мыйзам бузуулар болбосун деп алдын ала чара көрүп жатат.
- Баса, неге президенттин ШКУнун саммитинде сүйлөгөн жалындуу сөзүн сындагандар чыга баштады. Анын маселени кабыргасынан койгону башка мамлекеттерге жакпай калдыбы?
- Кыргыз Республикасынын ажосу Садыр Жапаровдун сөзү дайыма тынч, Оруссия эмне десе ошого “лаппай!” деп баш ийүү менен өтүп жаткан ШКУ жана ЖККУ саммиттеринде бомба жарылгандай эле болду! Анткени Оруссия менен макулдашылбаган, андан уруксат алынбаган, ШКУ жана ЖККУ кээ бир мүчөлөрүнө жакпаган сөздөрдү Садыр Жапаров айтып салды. Бирок ал сөздөрдү ушул учурда айтпаса - сөздүн атасы өлмөк! Байыркы грек философ Сократ “Платон мага дос, бирок чындык мага кымбатыраак!”- дегендей эле. Эң негизи, эл күткөн сөздөрдү ажобуз айтты. Ооба, Оруссияга жаккан жок. Анын ММКлары жана интернет-сайттары Садыр Жапаровду жана Кыргызстанды сындап, шыбап эле жатып калышты. Бирок, биз ага колония эмес экенибизди, өзүбүздүн улуттук баалуулуктарыбыз, тышкы саясаттагы принциптерибиз бар экенин көрсөттүк. Ооба, Тажикстанга жаккан жок. Бирок Эмомали Рахмондун Кыргызстанга дагы кол салам деген ою бар болгон болсо, ал оюнан эми сөзсүз кайтат деген ойдомун. Эми эки коңшу, ШКУ жана ЖККУ мүчө мамлекеттер бир-бири менен согушса, Орусия мурдагыдай унчукпай карап тура албаганы анык болуп калды. Анткени, Кыргызстан аларды эскертип койду. Бул жагынан Кыргызстандын тили узунураак болуп, ниетин билдирди. Эми андай жаман окуялар кайталанса, Кыргызстан ал уюмдан чыгып кетүүгө да шылтоо болуп калат.
- Андай чоң коңгуроо каккан маселени көтөргөнүнө карбай президентти неге ыгы жок сындагандар көбөйдү?
- Орундуу маселени айтса да сындаган өзүбүздөн толубай-сынчылардын чыгышы - мен үчүн күтүлгөн эле нерсе болчу. Анткени, алар же алардын саясий кожоюндары бийликке келүү үчүн, болочок шайлоолордо же төңкөрүштөрдө ошол Оруссияга акыркы үмүтү менен байланып калышкан. Ошолордон “кыргыз болуу үчүн сөзсүз орус болуу абзел!” жана ушул сыяктуу орус бийлигине жага турган кооз, бирок намыссыз сөздөрдү айтып чыккандар Садыр Жапаровду сындап жата калышты. Алардын максаты: азыркы ажону болушунча каралоо, саясий реванш алуу жана чет өлкөлүк күчтөрдүн жардамы менен бийликтин чокусуна отуруп алуу!
- Айтмакчы, бийликтин “Кумтөр” кенин кайтарып алуу аракетине айрым өзүбүздүн эле жарандардан терс реакция жаралууда. Сиз Садыр Жапаровдун “Кумтөр” боюнча баштаган иштеринин аягына чыгарарына ишенесизби?
- “Кумтөр” Акаевден баштап элибизге кызмат кылбай эле чет өлкөлүк жана аларга сатылган “атамекендик” шылуундарды байытып жаткандыгына бир күнү баары бир бөгөт коюлушу керек эле. Садыр Жапаров “Кумтөр” маселесин президент болгонго чейин көтөрүп келген, эми ал оюнан баш тарта албайт. Бул принциптин иши! Эгер Садыр Жапаров өмүрүн сайган ушул иштин аягына чыга албаса, анда саясий банкротко айланат. Садыр инимдин азыркы иш-аракеттерин эл колдоп жаткандан кийин ал сырткы да, ички да оппоненттеринен, душмандарынан коркпошу керек. Эл аралык сот биздин пайдабызга эгер чечпесе, анда мен бардык ажолорго айтып келип жаткан демилгеге өтүшүбүз керек. Чет өлкөлүк фирмаларга берилген алтын кендердин лицензияларын токтотуп, кийинки муундарга калтыруу керек. Болочок муундар жер байлыгыбызды аларга мурас катары калтырганыбызга ыраазы болуп, өздөрү алтын кендерибизге 100пайыз кожоюн болуп, элдин жана өлкөнүн кызыкчылыгына иштетишеттир…
- Азыр да коомчулукту чайпалтып, элди төртүнчү төңкөрүш менен коркутуп аткан чагымчыл күчтөр бар экени жашыруун эмес. Алардын максаты эмнеде, шайлоону шылтоолоп бийликти басып алуубу? Деги эле бүгүн, бир жыл өтпөй кайрадан төңкөрүш боло тургандай кырдаал барбы?
- Кыргызстанды эрктүү, күчтүү мамлекет болушуна каршы турган чет өлкөлөр баарынан күмөн санабашыбыз керек. Андай душмандар бар болуп келген, азыр да бар, кийин да болот! Кеп башкада: өлкөнүн ички душмандарында! Ар бир көз карандысыз өлкөгө ички душмандардан, чыккынчылардан, тыңчылардан турган 5-колонна бар. Алар сырт жактан да, “ата-мекендик” нааразы болгон олигархтар тарабынан да каржыланат. Эгер көп акча сарпташып “ыңкылапты” уюштура турган болушса, андай аракеттерине каршы чыгып, алдын ала жок кылуу керек. Саясий система өзгөрүлмөюнчө ыңкылаптардын, төңкөрүштөрдүн пайдасы жок экенин элибиз акыры түшүнгөндүр деген үмүттөмүн. Садыр Жапаров ошол эски саясий системаны сындырып, жаңы мамлекеттик түзүлүшкө өбөлгө түзүп, мамлекеттик реформаларга жол ачып койгон болсо - тарыхта улуу инсан катары калмак. Андан алдыңкы ажолор бул тарыхый мүмкүнчүлүктү акыл-эси менен пайдаланыша алган жок…
Булак: «Майдан. kg» гезити