Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 249

24-сентябрдагы “тегерек үстөлдө” КРнын 2026-жылга чейинки орто мөөнөттө өнүгүүсүнүн программасынын долбоору талкууланды. Анын демилгечиси Президенттин администрациясы менен Экономика жана каржы министрлиги болду. Ал өлкөнү 2040-жылга убакытка чейинки Стратегиялык өнүктүрүүнүн биринчи этабынын деталдаштырылган документи экендигин маалымдашты.

Долбоор негизинен “Адамга багыт алуу”, “Келечекки муундардын фонду”, “Курманжан Датканын образын кайра жаратуу”, “Элдердин, маданияттардын жана дин тутуулардын көп түрдүүлүгү” деген негизги 4 бөлүктөн турат. Биринчи бөлүктө социалдык саясатка артыкчылык берүүгө жана адамдын өнүгүүсүнө ыңгайлуу чөйрө түзүүгө басым жасалат. Мамлекеттин билим берүүгө жана саламаттыкты сактоого жумшалган чыгымдары келечекке инвестиция катары көрсөтүлөт. Ал үчүн социалдык-маданий өнүктүрүүнү жакшыртуу, саламаттыкты сактоону кардиналдуу реформалап, санариптик технологиялардын негизинде алгачкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүнү күчөтүү, жер-жерлерде социалдык кызмат көрсөтүүнү өнүктүрүү, мектепке чейинки билим берүү тармагын кеңейтүү, билим берүүдө жан башына каржылоону киргизүү, бизнести мектепке чейинки билим берүүгө кеңири тартуу жөнүндө айтылат.

Максат, каалоо-тилектер жакшы, анда талаш жок. Бирок, булардын баары алмустактан бери айтылып, жазылып келаткан жакшы сөздөр экендигин, долбоордо азыр эл, мамлекет үчүн өзгөчө маанилүү болуп турган энергетикалык көз карандысыздыкты камсыз кылуу, калктын азыр 30 пайызга жакынын түзгөн жакырдыктан арылуу, минималдуу кирешени дүйнөлүк деңгээлге жакындаштыруу (теңөө жакынкы жылдарда мүмкүн эмес), өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларынын тигинче пайызын өзүбүздө терең кайра иштетүүгө жетишүү сыяктуу көйгөйлүү милдеттерди чечүү боюнча конкреттүү так максаттар, милдеттер коюлбагандыгын ачык айталы.

Өлкө экономикалык, каржылык оор абалда турганда бардык көйгөйлөрдү бир убакта чечүүгө мүмкүн эмес. Бирок эки-үч негизги багытты тандап алып, мамлекеттин ресурстарын мына ошолорго артыкчылыктуу негизде жумшоо абзел. Кыйын-кезең учурларда бардык мамлекеттер ошентишкен. Айрым өлкөлөр (Пакистан, Түштүк Корея) “чөп жесек да жакынкы 5-6 жылда ушуну чечишибиз керек!”- деген максат коюп иштешкен. Бизде энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу өзгөчө орунда турат. Анткени, электр энергиясынын таңсыктыгы жылдан жылга өсүүдө. Электр энергиясыз жашоого, иштөөгө мүмкүн эмес. Ошондуктан Өкмөт “2026-жылга чейин чөп жесек да Камбар-Ата ГЭСтерин куруп бүтөрүп, мынча чакан ГЭС куруп, өзүбүз керектеген көмүрлөрдүн баарын өзүбүз өндүрөбүз. Нефти–газдардын тигинче корун өздөштүрүп, иштетебиз”- дегендей максаттарды, милдеттерди койсо, эл так түшүнүп колдомок, кубануу менен кабыл алмак. Ал үчүн кыйынчылыктарга чыдаганга психологиялык жактан көнмөк, макул болмок. Тилекке каршы, алмустактан бери кайталанып келаткан жалпы сөздөрдү дагы жаңы кагаздарга көчүрө берүү элди ынандыра, шыктандыра албайт...

Эгерде мамлекет алдына мүмкүн болбой турган да максаттарды коюп, аларды аткарууга бардык ресурстарын мобилизацияласа, ал сөзсүз аткарылат. Ага мурдагы Союздун 1930-1950-жылдардагы тарыхы күбө. Кыйынчылыктан качып, жалпы сөздөргө өтүп, жеңилдерин тандаса, алар деле аткарылбайт. Ошондуктан Долбоордун акыркы вариантында жалпы сөздөрдүн баарын алып таштап, көз менен көрүп, кол менен кармаласа боло тургандай, эртең элге реалдуу нак пайдасы тийгидей конкреттүү милдеттерди гана да калтырышса туура болмок.

 Келечек муундардын фонду түзүлөт деген жөн эле жомок. Сырткы карыздарды төлөөнүн эң оор учуру 2023-25-27-жылдарга туура келип жатса, андай фондуга акча асмандан түшмөк беле. Жөн эле жөө жомокторду айтып, элдин башын айландыра берүүнүн эмне кереги бар?!

“Курманжан Датканын образын кайра жаралтуу” деген убагындагы “Кыргызстан-жалпыбыздын үйүбүз”, “Манастын жети осуяты”, “Семетей”, “Сейтек” уюмдары дегендей эле реалдуу натыйжасы болбой турган абстракттуу каалоолор. Келечекке карай умтулуп жатканда тарыхты көөлөбөстөн заманбап образдарды жаратуу, заманбап нерселерди өздөштүрүүгө басым жасоо зарыл. Ал эми “Элдердин, маданияттардын жана дин тутуулардын көп түрдүүлүгү” дегендин ордуна мамлекеттик тил жана титулдук элдин маданиятынын негизинде өлкөнүн ар түрдүү энтосторун ичтен интеграциялап, бирдиктүү саясый жана маданий улут түзүүгө артыкчылык берилиши керек болчу. Дүйнө өлкөлөрүнүн бардыгы ушул жолдо баратышат. Кайсыл өлкөгө барбагын биринчи кезекте мамлекеттик тилди, титулдук этностун маданиятынын негиздерин билүүнү талап кылышат. Ансыз өлкөдө биримдик, ынтымак, өз ара түшүнүшүү болбойт. Биз гана ушул маселени так койгондон, талап кылгандан коркуп келатабыз. Долбоордун бул бөлүгүнө көз чаптырсаңыз Өкмөт мурдагы Акаевдин чыккынчылык менен чектелген күн карама, кошоматчы саясатын уланткысы келгендей таасир калтырат. Андан Акаев эмне тапты эле? Анын тагдыры азыркыларга сабак боло элекпи?

Менин оюмча, Кыргызстанда латын арибине өтүүнү кабыргасынан коюуга мезгил жетти. Түрк өлкөлөрүнүн баары латын арибине өтүп кетишти. Биз эле калдык. Эгерде биз ага өтпөсөк жакынкы жылдарда жакынкы кошуналарыбыз, ашыналарыбыз казактар менен өзбектерди да түшүнбөй калабыз. Дүйнөдө эгемен Кыргыз мамлекетинин гүлдөп, өнүгүүсүн чындап каалаган бир мамлекет болсо, ал - Түркия гана. Биз Түркияга тилдик, маданий жактан ыктаганга, интеграциялаганга негизги басым жасообуз керек. Ошондо гана жаңылбайбыз. Өкмөттүн долбоорунда бул да жок. Аны аппараттагы эргулдар мурдагы документтерден чаптама-чуптама кылып эле көчүрүп жаза коюшса керек. Жок дегенде элге ачык, так, ак ниет мамиле кылышпайбы! Дагы бир жолу айтарыбыз, Өкмөттөгү мырзалар жана жакшынакай айымдар, жалпы сөздөрдү жыйыштырып так конкретика менен сүйлөгөндү, жазганды, милдет койгонду үйрөнсөңүздөр! “Боло берет кыргызга “ деп жүрүп ушул акыбалга келдик, жеттик.

Булак: «Майдан. kg» гезити