Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 169

Көпчүлүктүн катарында мурдагы ЖК депутаты, кийин инвестиция министри боло калган Алмамбет Шыкмаматов да депутаттыкка аттаныптыр. Башка эмне кылмак эле. Инвестиция министри катары иштей алган жок, колунан “пок” келбеди.

Бул кызматка барганда коомчулукта экономика секторунда бир күн иштебеген, финансы тармагын дурустап түшүнбөгөн адам инвестиция тартып кыйратпай турганы айтылып, жазылган. Ошондой эле болду. Аз күн мурда Кореяга барып келди. Жүз доллар инвестиция тартууга жараган жок. Кореялыктар менен саламдашып, сүрөттөргө түшүп, эл, жер көргөнүнө корстон болуп келди.

 “Андан көрө депутаттык жакшы турбайбы, каалаганыңы сүйлөйсүң, акыл айтасың, эч нерсеге жооп бербейсиң”- деп кайрадан депутаттыкты көксөп турган кези. Эми инвестиция министрлигин кор кылбай, министр кылып инвестиция тартуу жаатында тажрыйбасы бар адамды алып келсе болгону. Болбосо, инвестиция министрлигин жоюп эле салган оң.

Бир нерсени түшүнсөк болор эле. Инвестиция министрлиги түзүлсө эле инвестициялар миллиондоп келип, инвесторлор агылып калат деген келесоолук. Инвесторлордун келиши үчүн биринчи кезекте өлкөдө саясий туруктуулук, мыйзамдуулук, инвесторлорго кепилдиктер гана керек.

Булак: «Майдан. kg» гезити