- Туйгуналы Абдраимов мамлекетти талап-тоноп байыгандардан жалгыз эмес. Эмнеге анда ал жалгыз ачыкталып калды? Юриспруденцияда түшүнүк бар: кылмышкер кылмыш кылган жерине тартылып турат. Башкача айтканда, эгер адам кайсы бир жерде кылмыш кылса, ошол жерге айланчыктап келе берип, колго түшөт. Менимче, Абдраимовдун абалында да ошондой болду. Болбосо, олигарх, депутаттардын арасында мындайлар көп эле да. “Чыга турган көз эле, чыгып кетти өзү эле” дегендей, Туйгуналы Абдраимов өзү келип, аянтка жүз миң адамды чыгарып, курултай өткөрөм деп баштады. Ошончо мүлктү менчиктештирип алып дагы, кайра өзү келип тийишип жатпайбы. Мамлекетти тоноп байып алгандан кийин көчүгүн кысып, эл арасында Кудай деп, “ушунум аш болуп кетсе экен” деп жүрө бербейби. Анда бир максат болду – алдын ала чабуул кылып, бул бийликти коркутуп коем, мени чукубай тургандай, мени иликтебей, териштирбей тургандай кылам деп ойлоду. Анын кылган-эткени примитивдүү, ким кыйкырып чыкса, ким жүз миңдеген адамды – алардын көбү спорт клубунда машыккан жарым спортчулар, Абдраимовго окшогондор уурдаган акчасынан демөөрчүлүк кылып коюшат – чыгарса эле иши ак болуп калабы? Бул чакырык жасап жатпайбы, жүз миңдеген киши келет деп. Муну мамлекеттик түзүлүштү талкалоого аракеттенүү жолу деп коет. Аны эл түшүнбөй жатат. Жеке кызыкчылыгы үчүн мамлекетти тебелеп-тепсегенген ниеттенгенин билбей жатат.