- Кызматка байланыштуу маселелер, саясий-идеологиялык же диний көз караштар, же дагы бир башка талкуу жараткан нерсеге карата пикир келишпей калуулардын негизинде өз ара адамдык мамилени үзүү, жеке душмандарга баруу - бул бейэстик (эси жоктук), анткени карама-каршылыктарды, пикир келишпестиктерди жараткан нерселердин баары бат эле өз маанисин жоготот, учурлаш болбой калат. Көз караштар өзгөрөт, кырдаал өзгөрөт, кызмат дагы кетет, ал эми Кудай өмүр берсе, сен ал адамдар менен бир өлкөдө, бир шаарда же бир айылда дагы көпкө бирге жашайсың... Дагы далай бетме-бет жолугуп же бир дасторкондо отурууга мажбур болосуң ..
- Категория: Саясат
- Просмотров: 784