Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 251

- Таалатбек Масадыковдун Афганистанга барышы курулай өзүн көрсөтүү болуп калды. Мен эмнеге талибдерге барууга шашылышканын такыр түшүнбөдүм. Бул сапардан Кыргызстан үчүн кандай маанилүү нерсе ала алышты, кандай максатта барышты? Саясий максатпы, экономикалыкпы же динийби? Бул жерде жогоруда айтылгандай, жөн гана өзүн көрсөтүү, мактаныч орун алгансыды. Бул да жакшы жагына басым жасап айтканда. Талибдер менен байланышуу коңшулар менен дипломатиялык мамиленин начарлашына жеткирүүдөн башка Кыргызстан үчүн кымындай да пайда жок. Масадыков (бул гуманитардык жардам жеткирүү сапарынын демилгечиси болсо керек) Афганистанга баруу менен мамлекеттик эмес жеке маселесин чечип жатат. УКМКнын ага карата терс билдирүүсүнөн кийин Масадыков жакшысы өзүнүн жүзүн кайра таап, жок жерден табылып калган ишинин коомго зарыл экенин далилдегенге аракеттенсе туура болот эле. Анын Афганистанга сапары мамлекеттик кызыкчылыкка такыр жакындашпай турганы ачык эле көрүнүп турбайбы.