Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыков Кабулда "Талибандын" (Кыргызстанда тыюу салынган кыймыл) жетекчилиги менен жолугушту. Анын ал жакта эмне иши бар эле? Расмий версия: гуманитардык жүктү коштоп барды, Афганистан Ислам Эмиратынын башчысы Абдель Гани Барадар жана тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен сүйлөштү.
Суроо: карапайым кыргызстандыкка мындан эмне пайда? Пенсия байкалаарлык өсүп кетет бекен? "Токтогул" ГЭСи толобу? Токтогул ГЭСиндеги суунун көлөмүнүн азайышынан улам биз электрэнергияны үнөмдөөгө аргасыз болуудабыз. А балким, күйүүчү майга болгон баа кымбаттаганын токтотот?
Өзүбүздүн маселебиз жетиштүү болуп жатпайбы. Анын үстүнө ЖККУнун Душанбеде өткөн саммитинде мүчө-өлкөлөр Афганистандан келчү потенциалдуу коркунучка биргеликте каршы туруунун варианттарын талкуулашпадыбы. Ал эми бул өз алдынча кадам таштоо жана сепараттык сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү эмненин ичинен чыгарат?
Ансыз деле Тажикстан менен чыңалган мамиледе турабыз, а алар болсо талибдерге карата башка саясатты карманышкан Өзбекстан сыяктуу эле. Анын үстүнө аймактагы өлкөлөрдүн бири да талибдердин өкүлдөрү менен мынчалык байланышка чыга элек.
"Талибандын" жетекчилиги менен буга чейин Россия, Кытай, АКШ сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жолугушуулар болгондо да Москвада, Тяньцзинде жана Дохада өттү. Биздин делегация тескерисинче, өздөрү Кабулга барышты. Бизге мунун эмне кереги бар эле?
Анда келгиле, мынча болду, Сирия, Ливия, Ирак, Донбасс жана Крым, АКШ жана ЕБдин Россияга карата санкциясы боюнча позициябызды ачык билдиребиз.
G 20да башчылык кылган өлкө катарындагы Италия Афганистандагы кырдаалды талкуулоо үчүн лидерлердин жолугушуусун өткөрүүнү пландап жатат. Анын алдында Италиянын премьер-министри Марио Драги Владимир Путин менен бул темада акылдашты. А жакында "Талибандын" жетекчилиги Россиянын, Кытайдын жана Пакистандын өкүлдөрү менен жолугушту.
Ушундан кийин Кабулга биздин чакан делегация барды... Контраст менимче, белгилүү болду болуш керек.
Балким, таразага салынган, бир топ жерге жакын жана реалдуулукка үндөш саясатты жүргүзөөрбүз? Маселе издебей, сурабаган кезде өз пикирибизди таңуулабай жөн тураарбыз? Биздин пикир кимге керек жана аны кимдер олуттуу кабыл алат экен? Мен буга чынында, ишенбейм.
Балансталбаган сырткы саясат ар кандай катаклизм же революцияга караганда көп зыян келтирет. Ошондуктан, дүйнөлүк геосаясатта белгилүү түзүм орноду, анын чегинде өзүңдү өтө сабаттуу көрсөтүшүң керек, анткени ар бир аракетибиздин артында эл, элдин бакыбат, тынч жашоосу жана стабилдүүлүк турат.
Мен ошондой эле, Масадыковдун Афганистандагы инклюзивдүү өкмөткө (талибдер түзөбүз деп жаткан) ошол өлкөдөгү кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүн кошууга көмөктөшүүгө жөндөмдүү экенине ишенбейм.
Ошондо, бул сапардын кандай максаты бар эле?
Бакыт Бакетаев, саясат талдоочу