- УКМК былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкан айрым адамдарга кылмыш ишин козгоду. Бул алдыдагы парламенттик жарышты таза өткөзүү аракетиби?

- Ооба, бирок бул жакта алганды эле эмес, бергенди да чогуу жазалаш керек деп ойлойм. Ошондо гана мыйзам бузуу, добуш сатып алууга окшогон нерселер жоголот эле.

- Садыр Жапаровдун “Кумтөр” боюнча баштаган иштеринин аягына чыгарарына ишенесизби?

- Биз баардыгыбыз аягына чыгышына түрткү болуп колдоп турушубуз керек. Ал “Кумтөр” жеке эле Жапаровго эмес, баардык элге керек. Буга чейин болгон алтынды уурдаттык, жок дегенде азыркысын алып калалы. Ошол алтын бүт мамлекетке пайдасын алып келсин.

- Азыр да коомчулукту чайпалтып, төртүнчү төңкөрүш болорун айткандар чыгууда. Бүгүн төңкөрүш боло тургандай кырдаал барбы?

- Төртүнчү төңкөрүш бизди дагы 10 жыл артка ыргытат. Ага жол бербей, шайлоону таза өткөзүп, мамлекетти оңдоп, өнүктүрүп кетишибиз керек. Жаңы эле инвесторлор кайра келип баштады, дагы баарын үркүтпөй, экономика менен алек болуп кетсек жакшы болот эле. Ал үчүн шайлоону таза өткөзүшүбүз керек.

Булак: “Майдан. kg” гезити