Депутат Дастан Бекешов “добушумду сатып алам деп келди дегендерге сыйлык берсек, добуш сатып алуу токтойт” деген сунуш берди. Бирок бул атаандаш партиялардын провокацияга баруусуна жол ачат. Мындай пикирин экс-депутат Нарынбек Молдобаев "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.
- Менимче, анын сунушу оң жыйынтык бербейт. Тескерисинче, ал ыкма атаандаш партияларды жок кылгысы келгендердин куралына айланып калышы ыктымал. Тагыраагы, ийгиликке жеткиси келгендер бирөөлөрдү жалдап, атаандашын провокация кылып, "добушумду сатып алам деди", - дегизип жалаа жаап коюшу да мүмкүн. Ошон үчүн мен мындай ыкмага каршымын. Акча керек болсо да, эл өзү добуш сатууга каршы болот. Добуш сатуунун кесепетин түшүнүп калды деп ойлойм.