Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 142

Таза шайлоо өткөрүүгө жолтоо болгондор тууралуу укук коргоо кызматтары маалымат топтошу керек. Бул тууралуу экс-депутат Туратбек Мадылбеков "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди. 

- 2020-жылдагы шайлоо адамдын добушун сатып алуу, добуш сатуу боюнча кульминациялык чегине жетти. Добуш сатуу, сатып алуу апогейине жеткен үчүн азыр эсибизге келип, биздин бийликтин башчылары туура баа берип, добуш сатып алуу пайдаланыла турган болсо, кайра чатак болоорун сезип, таза шайлоо өткөрүү маселесин көтөрүшүүдө. Менимче, таза шайлоо өткөрүү үчүн  үгүт иштери баштала электе эле элдин маселесин чечимиш болуп, добуш алууну көздөгөндөрдүн баарын эске алып, укук коргоо органдары жетиштүү маалымат топтошу  керек. Бул жерде андай иш менен алек болууга УКМК жалгыз жетишпейт. Укук коргоо органдары да кол кабыш кылыш керек. Ошондо шайлоо таза өтөт. Көп учурда талапкерлер айылдарга барганда “боз үй , казан- аяк алып бер,  жолубузду жасатып бер”,- деп көйгөйлүү маселелерин  айтып, "айтканыбызды аткарсаң айылыбыз менен добушубузду  беребиз", - дешет. Чынында мындай нерсе добуш сатып алууга жатат. Мына ушундай маалыматтын баарын УКМК, ИИМ, прокуратура  тыкыр иликтеп, ушул багытта бирдиктүү иштешсе оң жыйынтык чыгат. Тагыраагы, ушул ыкма таза шайлоонун өтүшүнө өбөлгө түзөт.