Азыр шайлоо жакындаган сайын Президент Садыр Жапаров менен анын эң негизги ишенимдүү адамы Камчыбек Ташиевди кагыштырып, ортолоруна от жаккылары келген аракеттер көбөйүүдө. Алсак, Темирлан Султанбеков деген автор экөөсүнүн ортосуна “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевди кысташтырып, анын сөздөрүн өзү каалагандай чечмелеп; эгерде Камчыбек Кыдыршаевич УКМКны таштап, парламенттик шайлоого катышып, босоголук чектен өтүп, Жогорку Кеңешке спикер болуп шайланып, оппозициячыл күчтөргө кошулуп кетсе, Баш мыйзамдагы кенемтени толуктап, бийликтин тең салмактуулугун камсыз кылмак деген ойду айтыптыр. Андай ойго мурда Өмүрбек Чиркешович жем таштаган экен. Текебаевдин ким экендиги белгилүү, ал сүзүшмөйүнчө тура албайт, башкаларды сүзүшсүн дейт.

К.Ташиевдин саясатта, бийликте таасири, салмагы чоң, ал талашсыз факты. Эгерде ал андай оюн билдирсе, аны оппозициячылдар кучак жайып тосуп алышмак. Бирок, ал партиясы менен парламентке өткөн күндө деле, спикерликти каалайбы, кааласа оппозициячылдарга да кошулгусу келеби? Кептин баары мына ушунда.

Садыр Жапаров менен эң кыйын күндөрдө бирге жүрүп, куугундун, сүргүндүн, атүгүл түрмөнүн азабын да бирге тарткан адамдын  оппозициячылдардын, айрым серепчи-мерепчилердин каалоолоруна жараша  позициясын өзгөртүп, аларга кошулуп кетүүсү ойго түгүл, түшкө - да кирбей турган иш. Анткидей анын башына не күч келиптир? Оор күндөрдө сатпаган, качпаган Ташиев жакшы күндөрдө да досу менен бирге болот. Экөөсү арабага чегилген кош аттай Кыргызстандын абалын жакшыртууга бирге аракет кылышат, жүктү бирге тартышат. Ал эми саясатчы, серепчилер өздөрүнүн кызыкчылыктарына жараша, кыялдарыбыз, түштөгүлөрүбүз өңүбүздө болсо экен деп, ар кандай божомолдорду, ой жорууларды айта беришет. Мындан ары ал дагы күчөйт. Бирок,“ит үрө берет, кербен жүрө берет” дегендей, эски достордун ымалалары мурдагыдан да бекем  болсун, ал Кыргызстандын, элдин кызыкчылыгы үчүн керек. Эл сүзүшмөйлөрдөн, ашыкча ызы-чуулардан, ополоң-тополоңдордон эбак жадап бүткөн.