"Кумтөр" боюнча Кыргызстан менен канадалык компаниянын ортосундагы талашта кыргызстандыктар президент тараптык болушу зарыл. Бул тууралуу Баткен облусунун Кара-Булак айылынын айылдык кеңешинин төрайымы Дарыйка Калыкова билдирди.
"Мен муну карапайым элдин өкүлү катары айтып жатам. Ушунча жылдан бери "Кумтөрдүн" айланасында кандай окуялар, кандай оюндар болгонун, ага кайсы аткаминерлер көмөктөшкөнүн эл жакшы билет. Ошондуктан Садыр Жапаров бул теманы катуу көтөрүп чыкканы менен карапайым элге таанымал болуп, колдоо тапкан. Бул үчүн кандай кыйынчылыкка кабылганы жана андан сынбаганы да элдин көз алдында болду. Андыктан, бийликке келээри менен "Кумтөр" маселесин алып чыкканы таң калыштуу эмес.
Азыр айрым маалымат каражаттары "Кумтөргө" тийбеши керек эле, бул биздин экономикага сокку урат, инвесторлорду качырат ж.б. деп жазып жатышат. А мен минтип айтам: алардын баарын же "Центерра" сатып алган же иши кылса бийликти сындашы керек. "Кумтөргө" тартип киргизүүгө убакыт келип жеткен эле. 20 жылдан ашуун убакыт чыдадык. Ансыз да көп убакыт артта калдык", - деди Калыкова.