- Тажикстандын жакындагы агрессиясын эске алганда президент Жапаров туура жана өз убагындагы сунуш жолдоду. ЖККУнун ичинде өлкө-мүчөлөр арасындагы конфликттерди чечүүгө атайын протокол болушу керек. Айрыкча бир өлкө экинчи өлкөгө карата куралдуу кагылышуу баштаган маалда. Мени Москванын реакциясы таң калтырууда, ал кайсы бир эксперттердин оозу аркылуу айтылды, “бул силердин маселеңер, өзүңөр чечкиле!”- деген. Эгер уюмдун мүчөлөрү ич ара согушуп жатса, анан кантип биргеликте сырткы душманга каршы чыга алышат? Мындай боло турган болсо ЖККУга катышуунун кереги барбы, жамааттык күч - бул Кытай. Бирок так ошол Кытай менен бизде куралдуу кагылышууга алып келчү талаш аймактар жок. Бирок мындай учурда деле Москва Кытай менен пикир кагылышууга барбаса керек. Ошондуктан, биз эртерээк ойлонуп, ЖККУ сыяктуу такыр пайдасы жок уюмдардан чыгып кетишибиз керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити