Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 304

- Мурат аба, президенттин БУУнун Башкы Ассамблеясынын сессиясында сүйлөгөн сөзү коомчулукта чоң талкуу жаратты. Ажонун кайсыл сунушу дүйнөлүк коомчулуктун көңүл борборуна алынды?

- Кыргыз республикасынын президенти Садыр Жапаровдун БУУда сүйлөгөн сөзү азыр көп талкууга түшүп турган учуру. Негизи президенттердин мындай эл аралык жыйындарда сүйлөгөн сөздөрү эки учурда гана талкууланат. Биринчиси, өтө начар сүйлөгөндө, экинчиси өтө жакшы сүйлөгөн учурда  талкууга түшүшү мүмкүн. Кудайга шүгүр, биздин ажобуз өзүнүн биринчи жолку, БУУнун 76-сессиясында сүйлөгөн сөзү бардык жагынан төп келишкен, башкача айтканда, азыркы эл аралык кырдаалдарга олуттуу көңүл буруп гана кетпестен, конкреттүү сунаштарын ачык киргизген сөз болгондугун баса белгилегим келет. Садыр Нургожоевич ушул сөзү менен өзүн, дүйнөгө, эл аралык маселелерде да, ички мамлекетти өнүктүрүү багытында да өзүнүн бекем көз карашы бар, принципиалдуу мамлекет башчысы экендигин эң сонун көрсөтө алды. Афганистандан аргасыздан чыгарылып жаткан эл аралык уюмдарды Кыргызстанга жайгаштыруу сунушу, ошондой эле 2022-жылды БУУ менен бирдикте Эл аралык тоо жылы деп жарыялоо жана Орто Азияда саммит өткөрү сунуштары дагы өзүнүн ордун таап, колдоого алынып турган кези.

Сөздүн кыскасы, биздин ажонун бул БУУда сүйлөгөн сөзү, татыктуу мамлекет башчынын татыктуу сөзү болду!