- Акыркы ай бул жылдын эң популярдуу окуясы менен коштолду: АКШнын аскер контингенти Афганистандан шашылыш чыгып кетти. Бийликти талибдер колго алышты.  Американын дүйнөлүк гегемониясына текшерүүчү ок атылды. 

Афганистандан америкалык жоокерлердин чыгарылып кетиши дүйнөнүн геосаясий түзүмүн өзгөрттү. Бир тарапта Россия, Кытай, АКШ жана Европанын алдыңкы өлкөлөрү, экинчи тарабындагы жүздөгөн мамлекеттер башкы державалардын күрөшүнө баам салып, талдап, гиганттардын саясаттарын жалгаштырууда. 

Америкалыктар Афганистанды башаламандыкка ташташты да, жай тургундарды тагдырдын тар жолуна калтырып, дүрбөлөңгө түшүп качышты. Триллиондогон долларды асманга чачышып, анысы менен талибдерди тишине чейин куралдандырышты. Кимге каршы согушушса, ошолорду. Биз эми гана эсибизге келгендей терең түшүндүк: эгер биз Гансидеги базаны убагында жаппаганыбызда, анда Кыргызстан аркылуу америкалык аскерлердин, жүктөрдүн жана афгандык качкындардын агымы чубалмак. 

Негизи, кайсы жерге мурдун тыкпасын, ошол жерге өздөрүнөн кийин кыйроолорду гана калтыруу аларга таандык нерсе. Президент Джо Байден аскерлерди чыгарууга чейин “алардын кетиши Въетнамдан качканга окшобой” турганын катуу жарыялаган болчу... 

Бүгүнкү кырдаал ага окшош, бир гана айырмасы – Индокытайда ал убакта толук масштабдуу согуш болгон жана америкалыктар аскеринин өтө чоң бөлүгүн жоготкон. АКШ үчүн бөл дагы бийлик жүргүз принциби дагы деле актуалдуу. Алар муну Югославия менен СССРди таратууда пайдаланышты. Эми дагы Россия менен Кытайды Афганистанда уруштуруу менен бул принципти колдонгусу келип турат. Ал жакта эки өлкөнүн тең өз кызыкчылыгы бар: Москва Борбордук Азиянын коопсуздук маселесине тынчсызданса, Пекин экономикалык пайданы көздөөдө. 
Сирия дагы мамлекеттүүлүгүн жана расмий бийлигин Россиянын өз убагында кийлигишүүсүнүн шарапаты менен сактап калды. Болбосо, Америка жана анын союздаштарынын терс ниеттүү аракеттеринин айынан Дамаск бир нече жыл мурун эле куламак. 
 Ливиянын тагдыры башкача болду: сырткы колдоочулар табылбагандыктан, мамлекет НАТОнун кыйратуучуларынын курмандыгына заматта айланды. А анын лидери Каддафи жапайычылык менен өлтүрүлдү. Ага чейин ушундай эле тагдыр Саддам Хусейн башында турган Иракка туш келген. Колин  Пауэллдин каргалашуу пробирка менен өлүм трюгун жана химиялык курал колдонуу боюнча сунушунан кийин. Бул афера Жакынкы Чыгыштын бир кездердеги кубаттуу болгон өлкөсүн квазимамлекетке айландыруу менен жыйынтыкталды. 

Андан ары Украина “америкалык демократия” жолуна чалынып, америкалык шумкардын канатына калкаланып, жайлуу уяга жайгашууну кыялданды. Жыйынтыгында, Донбасстагы жарандык согушка туш болду жана ага кошумча стратегиялык объектисин – Крым жарым аралын тарттырып жиберди. Киев Вашингтондун калкалоосуна кирүүгө ниеттенбегенде, мындай маселелерге кабылбайт болчу. 

 Америка КМШда дагы бир форпостту Грузиянын жүзү менен алууга умтулду. Ондогон жылдар Михаил Саакашвилини бийлик Олимпине активдүү түрткүлөдү, бирок каалаган жыйынтыкты албагандан кийин Саакашвилини грузин саясий Олипминин сыртына аеосуз таштап койду. 
 Алар башынан эле иллюзия болушчу. Варшава Келишим Уюму тараары менен НАТО Россиянын чек арасына жыла баштаганын эске алсак эле жетиштүү. Болбосо Альянс мындай кылбоого убада берген эле. 

Же  М.Горбачев менен Дж.Буш кол койгон орто жана жакын аралыктагы ракетаны жок кылуу боюнча Келишимди (ДРСМД, РСМД) эстесек болот. Келишимде согуштук дүрмөттөр белгилүү санга чейин кыскартылышы айтылган. 1991-жылдын июнь айында Келишим аткарылган, бирок СССР гана 1846 ракеталык комплексти жок кылган (алардын жарымына жакыны согуш нөөмөтүндө жок ракеталар болгон), а АКШ – 846 ракетаны. Башкача айтканда, 1000ге аз санда! Ишенимдин жыйынтыгын СССРдин тарашынан билүүгө болот! 

Акыр аягында жаңы валюта системасы кабыл алынган Бреттон-Вуд конференциясын эстебесек болбойт. Анын жыйынтыгы: АКШ көп жылдар бою “дүйнөлүк банкир” болду. Аны менен катар доллар глобалдуу резервдик валютага айланды. Конференциянын жыйынтыгын ушул күнгө чейин “жеп” жатабыз, доллар азыр да АКШнын эң кубаттуу куралы болууда.

Токтайым Үмөталиева, коомдук ишмер