- Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматынын былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкан адамдарга карата баштаган күрөшүн колдойсузбу? Бийлик алдыдагы парламенттик жарышты таза өткөзүүгө киришкениби бул?
- 2020-жылдын октябрь айындагы шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолуп, өтө ыплас өткөнү үчүн Кыргызстанда төңкөрүш болду. Бийлик алмашты. Кыргызстандын жарандары табиятынан адилетсиздикке каршы турганы үчүн бир эмес, үч жолу төңкөрүш болду. Ошондуктан азыркы бийлик мурунку бийликтен жана шайлоолордун тарыхынан сабак алып, былтыркыдай үч же төрт гана партияны уттуруп коёбуз деп кыянаттык кылып, катачылыкка жол бербеши керек. Мүмкүн болушунча шайлоодо баарына бирдей мамиле кылып, чыныгы эл колдогон партиялардын келишине шарт түзүшү керек. Шайлоо адилеттүү өтсө, стабилдүүлүк сакталат. Чыр чыкпайт, маселе жаралбайт. Ошондуктан, органдагылар добуш сатып алууларга каршы турушу керек.
- Садыр Жапаровдун "Кумтөр" боюнча баштаган ишинен күмөн санагандар чыгууда, ажо баштаган ишин аягына чыгарарына ишенесизби?
- “Кумтөр” кенин толугу менен колго алып, иштете турган болсок, көп жетишкендиктерге жетишмекпиз. Бирок, азыр абал татаалдашып баратат. Тагыраагы, “Кумтөрдү” буга чейин иштетип келген компаниядан башкасы бизге каршы чыгат деп күткөн эмеспиз. “Центерра” дүйнө жүзүндөгү кен иштеткен, алтын табуучу компанияларды колго алып коюптур. Ошон үчүн алар Кыргызстанга туш тараптан катуу тоскоолдуктарды жасашат. Бирок, кыргызстандыктар андан чочулабашы керек. Эгер ошончолук эле үстөмдүк кылышса, “Кумтөрдү” толугу менен мамлекеттин менчигине алып, алтын казган башка компаниялар менен иштетишибиз керек. Тагыраагы, Кыргызстандагы алтын кен, урандын баарын мамлекеттин кызыкчылыгына гана иштетип, мамлекеттин менчигине алганга аракет кылышыбыз керек. Дүйнөдө мындай практика кенен.
- Шайлоону шылтоолоп кырдаалды курчутуу аракети болорун эксперттер айтышууда. Кайрадан төңкөрүш боло тургандай кырдаал барбы?
- Кыргызстанда дайыма шайлоо шайтан оюндар менен коштолуп, ошонун негизинде бийлик алмашуу болуп келгени чындык. Бийлик бу сапар шайлоону акыйкаттуу өткөрсө, мыйзамсыздыктарга, добуш сатууга каршы турса төңкөрүш болбойт.
Кыскасы, баары бийликтин колунда. Анткени, бийликтин калпыстыгын аңдып турган шумпайлар да болушу мүмкүн. Ошон үчүн бийликтегилер мыйзамдуулукту сакташы керек. Шайлоого катышкан партиялардын баарына бирдей шарт түзүп бериши керек.
Чынында азыркы бийликке элдин үмүтү абдан чоң. Ишеними да жогору. Ошол ишенимди, үмүттү актап, бийликтегилер бир муштум болуп түйүлүп, туура иштей турган болсо, Кыргызстан өнүгүү жолуна кадам таштайт. Бийлик элдин ишенимин жокко чыгарбай, мүмкүн болушунча шайлоону таза өткөрүшү керек.
Булак: “Майдан. kg” гезити