Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 139

- УКМК тарабынан былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкан айрым адамдар камакка алынып, бул жаатта дагы ачылыштар болору айтылууда. Бул аракети менен бийлик алдыдагы парламенттик жарышты таза өткөзүүгө бел байлап жатабы?

- УКМКнын жүргүзүп жаткан иштерин туура деп эсептейм. Себеби, былтыркы пармаменттик шайлоодо бийликтин партиялары тарабынан шайлоочуларды сатып алуу фактылары өтө көп катталып, жыйынтыгында элдин толкундоосун жаратып, бийлик кетүүгө аргасыз болгон. Эл арасында “жакында өтө турган шайлоо кандай өтөт болду экен же дагы деле былтыркыдай шайлоочуларды сатып алуу фактылары болобу?”- деген кооптонуу жаралууда. Эл чуудан, төңкөрүштөн аябай көңүлү калды деп ойлойм, бизге стабилдүүлүк керек. Кыргызды эч ким эч качан күч менен, коркутуу менен же болбосо сатып алуу менен башкара алган эмес. Биздин эл адилеттүү башкарууну сүйөт. Азыркы бийликте Кыргызстанды туңгуюктан чыгарып кетүүгө эң сонун мүмкүнчүлүктөр жаралып турат. Анын бири - алдыдагы өтө турган парламенттик шайлоо. Бул шайлоону таза өткөрүп алсак, мамлекетибизде стабилдүүлүк орноп, өнүгүү жолуна түшөбүз. Ошондуктан баарыбыз биригип, ар кандай провокацияларга алдырбай, мамлекеттин стабилдүүлүгүн сакташыбыз керек.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити