Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 626

- Сабыр байке, кандайсыз? Көптөн бери бизге коноктоп келбей калдыңыз. Мурдатан салтка айланган узун-кепти уланталы.

Садыр Жапаровдун Душанбедеги саммитте сүйлөгөн сөзү ОДКБ ичиндеги өнөктөштөр тарабынан салкын кабыл алынып, Орусиянын эксперттери тарабынан “абсурд” деп сындалышын кандай түшүнсөк болот?

- Рахмат, жайдын күнү ден-соолукту чыңдап эс алып кетип, көрүнбөй калдым окшойт. Мен деле “Майдандын” окурмандарын сагындым, ошондуктан, сурооңуздарга чын дилимден жооп берүүгө аракет жасайын.

Биринчи сурооңор боюнча. Тажикстан менен Кыргызстандын ортосундагы куралдуу кагылыштан 36 жараныбыз кайтыш болуп, көптөгөн адамдар жарадар болуп, жүздөгөн турак үйлөр, башка обьектилер өрттөлүп кыйрады. Кыргыз коомчулугу, биз муну агрессия катары кабылдадык.

Алтургай, “адекватту аракет кылбады, талап койбоду, жада калса беттерине катуу айтпады”- деп өлкө жетекчилигине нааразы да болуп келдик.

Мына ошол Тажик тарапты айгинелеген, жалпы эле ОДКБ боюнча өнөктөштөрдүн кайдыгерлигин айыптаган, ушундай шартта колдонулучу механизм түзүүнү сунуштаган сөз акыры айтылыш керек болчу. Ошо сөз акыры айтылды.

Албетте ал сөз өнөктөштөргө жаккан жок. Себеби алардын бет кабы сыйрылды.

Анткени ошондо ОДКБнын коопсуздук кеңешинин саммити болуп атканда Тажиктер Кыргызстанга кол салып атканын көрүп туруп, саммиттегилер бир ооз сөз айтканга жарабай тарап кетип, абийрлери айрандай төгүлгөнү кайрадан эске салынды.

ОДКБнын ички ынтымагы борпоң, ич ара ишеним жок, алсыз блок экени дүйнөгө айгинеленди. Өзүн НАТОго кожойунсунган АКШдай сезип, ОДКБга чочоңдоп жүргөн Орусияга бул “демарш” ого бетер жакпай түнөрдү. Анан жанагынтип, Кремлге жалданган эксперттердин оозу менен “абсурд” деп сайратып жатат.

“Афганистан жактан келе жаткан кооптуу кырдаал маанилүү, бизде баары жакшы, ички ынтымак бекем болуш керек, эч кандай аскердик кагылышуу болгон эмес, кадимки чек арадагы ЧП”- деп тааныйбыз деп сүйлөшүп алган коңшулар да эчтеке айта алышпай туттугушуп, орустун көзүн карап, салкын мамиледе турууга мажбур болушууда.

- Орусиянын Кыргыз Республикасына карата мамилесинин салкындашы Тажикстандын куралдуу кол салуусуна чейин эле айтылып келгени белгилүү. Стратегиялык өнөктөшүбүз деген Орусия менен мамилебиз качан, эмнеден улам бузула баштады деп айта аласыз?

- Орус бийлигинин мамилеси кыргыз элине эмес, азыркы кыргыз бийлигине салкындады деп айтсак туура болот го..., хотя кесепети элге да тийбей койбойт, тийип да жатат.

Былтыркы 2020-жылдын 5-октябрындагы төңкөрүштөн кийинки бийлик алмашууда Владимир Путин Дмитрий Козакты жиберип кийлигишип, маселени жөнгө салуу аракетин көрдү. Бирок Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев шерттешкен шартты бузуп Сооронбай Жээнбековду кетирип, бийликти алып койушту.

Буга чейинки кыргыз президенттеринин баарын марионетка катары көрүп, Кыргызстанды өзүнүн огородундай башкарган Владимир Владимировичке бул абдан катуу тийди.

“Сооронбай Жээнбековду арыз жазууга мажбур кылып, эки доско “көзүр туз” берип шыкактаган Кытайдын атайын кызматтарынын иши”- деген орустун атайын кызматтарынын маалыматынан кийин Орус президенти катуу көгөрүп, “кытайдын марионеткаларын иштетпейм, кетиргиле”- дегенге чейин барып атканы тууралуу ушактар таркап кетти. Жириновскийге окшогон баканооздор ар кайсыны сүйлөп, Орусиядагы кыргыз мигранттарына кысымдар башталды.

Орус “падышасынын” маанайын өзүнчө жоруган кыргыз эли: “ Владимир Путин көкүткөндөн улам Эмомали Рахмон кыргызга кол салды, болбосо батынмак эмес”- дегенге чейин барышты.

- Кытай сиз айткандай “бирөөнүн огородуна” кирип Орусия менен мамилесин бузуудан чочулабайбы?

- Чочулабайт. Ыраакы чыгыш менен Сибирди кытайлар аралай чаап басып келе жатат. Африка, Афганистандан бери, бүт дүйнөнү каптап баратат. Муну “ползучая экспанция” деп койот. Согушуп кирбейт, инвестиция, экономикалык проектилер менен каякка болбосун кире берет. Мына, Афганистанга инвестиция жасайбыз деди эле “Талибан” мусулманчылык лозунгдарын унутуп, Цинзяндагы уйгур мусулмандарынын көйгөйү тууралуу “лям” деп ооз ачпай тургандай болуп отурат.

Акча кытайлар үчүн саман сыяктуу, максатына жетүү үчүн эч аянышпай чачышат.

Кытай инвестиция менен дүйнөнү чулгап алуу аркылуу дүркүрөп өсүү менен, максатына - дүйнөдө биринчи экономика болууга жетерине ишенет.

Кытай менен Орусия БУУнун коопсуздук кеңешинде туруктуу бир позицияда добуш берген, эң ишенимдүү өнөктөштөр. Алар геосаясый маселеде ажырымге барса экөө бир-бирден АКШга жем болоорун билишет. Ошон үчүн бири-бирин чоң маселеде сатышпайт. А майда-чүйдө маселелерде боло берет, түшүнүшүп соодалашып чечишип ала беришет.

- Орустар эмне үчүн темир жолго каршы?

- Кытайдан Орусия, Беларусия аркылуу Европага темир жол аркылуу көп жүк өтөт. Ошондон алган транзиттик төлөмдөрү азайып, негизги жүк агымынан сыртта калат. Негизги себеп ошо акча, анан сыртта калуу коркунучу. Кытай-Европа темир жолу ишке кирсе, орустардын Түндүк муз океаны аркылуу дениз жолун иштетүү проектисинин да натыйжалуулугу азаят. А алар болсо, өтө көп акча коротуп муз жаруучу атомдук кемелерди куруп жатышат.

Экинчиден орустун темир жолунун туурасы кенен, ширококолейка деп койот, кытай менен европаныкы, калган дүйнөнүкү бир стандартта – узкоколейка. Поезддер Кытайдан Орусияга киргенде, Брестен Европага чыгаарда, кайра кайтканда дөңгөлөктөрдү алмаштыруу сыяктуу, чоң көлөмдүү жумуштар аткарылат. Убакыт коротулат, транспорттук төлөмдөр кымбаттайт.

Үчүнчүдөн Кыргызстандын экономикалык потенциясы өсүп, азыраак көз каранды болушун каалашпайт. Биз жакыр болуп, жалдырап, тизелеп, чөгөлөп турганыбыз аларга ыңгайлуу. Башкарганга жеңил дешет.

Ошондуктан “Аскердик инфраструктура, жалпы коопсуздук маселеси, оор гусеницалуу техникалар, танкалар менен Фергана өрөөнүнө беш мүнөттө кирип алса кандай болот?” деген курулай шылтоолорду айтып, буга чейинки жетекчиликтерди кысып уруксаат бербей келет.

Президенттерибиз: “Кытай курал менен келбейт, акча менен кирет” деп каяша айтканга жарашпай калтырашат.

Бирок кеп чынында, биз орустан эч коркок билишибиз жок. Алардын көзүн карайбыз деп ачка отурушубуз керекпи?

“Биздин бабалар Улуу Кыргыз каганатын курган, биз ЭрМанастын урпактарыбыз”- деп ооз көптүрөбүз.

А иш жүзүндө эркек таналары майдаланып, чет элдиктерге сатылууга ар дайым ынтызарланган, сойкулук көнүмүшкө айланып ар кимге кор болуп, жок болуп кетүү чегине жетип калган элбиз.

Минтип, көнүмүшкө айланып калган “коркок билиштик” менен жашаганды токтотуу керек. Бизге орустар канча керек болсо, биз аларга андан да көбүрөөк керекпиз. Керек болсо бизди жоготуп алгандан алар коркушат. Анткени алардын буфердик зонасы жукарат.

Украинадагы проблема аздык кылып аткан жок. Орто Азиядан АКШ, НАТОнун келиши чандырдан алганга тете экенин эксперттери эбак мойундаган.

Биз өзүбүздү сыйлап, баркыбызды төмөндөтпөй наркыбызды сактасак, өнөктөштөр да бизди сыйлаарын эстен чыгарбашыбыз керек.

Только, аңгектен качып, дөңгөчкө ... дегендей болуп Кытайдын колуна түшүп, уйгурларга окшоп шорубуз шорподой кайнаарын унутпай аракеттенишибиз керек.

- Кытайдын кызыкчылыгы эмнеде?

- Бул Кытай жетекчилиги үчүн эң чоң көйгөй. Си Цзин Пиндин “Один пояс - один путь” деген Улуу Жибек Жолун кайрадан жандантуу проектиси бар. Кытайдан - Европага, Пекинден - Парижге чейин темир жол дээрлик даяр болуп, ортодогу бир Кыргызстан аркылуу өтчү 250 чакырымдай жери гана курулбай жатат.

Өз башына өзү ээ эмес, чала суверендүү кыргыздар орустун уруксаатысыз, Кытай менен келишимге кол койуудан коркуп, глобалдык проект токтоп турат.

Товарлар деңиз менен Кытайдан Европага 40 күндө жетсе, темир жол менен 10 күндө жетет. Бул экономикалык жактан өтө эффективдүү. Кыргызстанга да өтө пайдалуу. Транзиттик өлкөгө айланып, Кытай аркылуу Тынч-океанга, Кара-денизге, Жер-ортолук деңизге, Атлантика океанына, Иран аркылуу салынып бүтүп калган жол менен Араб жарым аралы аркылуу Инд океанга чыгуу мүмкүнчүлүктөрү ачылат. Транзиттик төлөмдөрдөн кирешеге ээ болобуз.

Бул темир жол аралап өтө турган баардык өлкөлөр үчүн да, дүйнөлүк экономика үчүн да абдан пайдалуу.

Ал эми Кытай жетекчилиги үчүн, орустар айтмакчы “дело чести”. Кытайдын кызыкчылыгы мына ушу.

Ошон үчүн кытайлар Кыргызстанда кытайлык лобби жаратуу чечимин кабыл алып, шайлоолорго акча чачып, кыргыз элиталарын сатып алуу аракетин жүргүзүп жатат.

Былтыр эмне болду? Бийлик, байлык үчүн үчүн энесин сатканга даяр эргулдар, депутат болсом болду деп “Мекеним Кыргызстанга” тыгылышты. Кытайдын акчасына сатылып атканын ойлошкон да жок.

Кытайлар быйыл да шайлообузду каржылаганга бараары айтылууда. “Мекеним Кыргызстан” болбой калды, эки-үч партияга бөлүп бериш керек”- деп акылдуу болуп алышыптыр. Биздикилер да “Ишеним”, “Ынтымак” ж.б. боло калышып, кайрадан дапдаяр.

Кытайга сатылууну көздөгөндөр да кайрадан “Раим-миллионду” шынаарлашып... “Трансфер ушу аркылуу эле өтөт да, Абдухадырдын кудасы эмеспи дешип” шуулдашып... (Кытай бизнесмени деп таанылган Абдухадырдын кытай КГБсынын генералы экендиги, Орто Азия республикалары боюнча кураторлук кылаары тууралуу шыбырашышат. Акча ташыгыч Саймаити Туркияда өлтүрүлгөнүнөн улам ачык айткандан чочулашып).

Кептин ачыгы Кытайга керек темир жол бизге да керек. Ал талашсыз.

А бирок, темир жол маселеси чечилгенден кийинки абалыбыз кандай болот? Жыйынтыгында, элитабыз сатылып Кытайдын колунда калып жатканынын кесепетин ким ойлойт? Кытайдын “көзүр тузу” кимде болсо, ал керек болсо президентти да отставкага кетире алаары бизди ойлондурушу керекпи?

Кытай бийлесе уйгурлардын кейиштүү тагдыры биздин башыбызга келбейт деген кепилдик барбы?

Кырылып, эзилип аткан уйгур боорлошторун карабай, аларды кырып аткан Кытайдын атайын кызматынан баар таап байып аткан Абдухадыр менен анын Кыргызстандагы шнырлары кыргызды аяйбы?

Өз элин аябагандардан аёо күтүүгө болобу?

Кыргыз эли жетеер чегибизге жеттик, азыр бычактын мизинде турабыз.

Же ары болот, же бери болот. Ошондуктан Кытайга сатылууга билип билбей аралашып аткандарга катуу чара көрүп жазалоо керек.

Ал эми кытайлыктарга кызмат кылып, элди соодалап жаткандарды чыккынчы катары соттоп, атып, асып жоготуу керек!

Мына азыркы бийлик ошону ойлош керек.

Биринчи, кытайларды шайлообузга жолотпой, элитаны саттырбай, элибиздин келечегине балта чаппай темир жол салганга жетишибиз керек.

Экинчи, “орустар таарынса таарынсын”- деп коркпой-үркпөй жоопкерчиликти жеке мойунуна алып, президент Садыр Жапаров Кытай менен келишимге кол койушууга жетишип, ишти башташы керек.

Бул иши үчүн орустар жөн калбай Садыр Жапаровду эртеби-кечпи кулатып да тынаар? Элим деген ажо үчүн эмне баалуу? Кыска болсо да нуска өмүр сүрүп, элин сактап калганы оң.

Бул миссия! Президентибиз тобокелге салып, элибизге эки океанга жол ачып, бизди транзиттик өлкөгө айландырып, өнүгүүгө жол ачышы керек!

Ошондо ал улуу жол башчы катары тарыхта калат!

Ошондо биз –Кыргыз эли эл катары ордубузду таап, мамлекеттүүлүгүбүздү сактап калабыз деген ишеним жаралат. Андай болбосо, анда жок болобуз!

Маектешкен Чынайым Кутманалиева, Булак: «Майдан.kg» гезити