Эрнис Толтоев назначен помощником премьер-министра – Новости из Кыргызстана  – АКИpress

Жаңы шайлоо системасы тууралуу ким-эмне дебесин, бирок шайлоонун жаңы түрү менен жаңы жүздѳрдүн, саясатка мурда, кийин аралашпаган, акчасы жок, бирок башы барлардын парламентке шайланып келүүгѳ толук мүмкүнчүлүктѳрү бар. Андай мүмкүнчүлүктѳрдү кичи мекенинде аброю бар, урмат-сыйга ээ болгондор пайдаланышары турган иш.

Бир мандаттуу округдардан кимдер ат салышары белгилүү боло баштады. Айтсак, мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун жардамчысы Эрнис Толтоев кичи мекени Ѳзгѳн шайлоо округунан депутаттыкка аттанганын билдик. Эрнис мырзанын атаандаштарын жеңип, мандатке жетүү мүмкүнчүлүгү чоң. Буга чейин бир канча жолу айылдык кеңештин депутаты болуп шайланып, кѳпчүлүктүн колдоосу менен айыл ѳкмѳт башчысы болгон. Ѳзүнүн иш билгилиги, мыктылыгы менен ошо кездеги Ош облусунун башчысы Сооронбай Жээнбековго жагып, ѳзүнѳ жардамчы кылып алган. Ѳзгѳндѳ кадыры жакшы, ѳлкѳ башчысын жандап жүрсѳ да жѳнѳкѳйлүгүнѳн, жупунулугунан жазбай, кѳпчүлүктүн кѳѳнүнѳ жагып келет. Кайра кайра шайланып келаткан саясатчылардан, акчалуу олигархтардан жадаган эл Эрнистей жаштарды колдоого алып, ѳз добуштарын беришсе, Жогорку Кеңеш сапаттык жактан жаңыланганы туру. Биз ѳз кезегинде Эрнис Толтоевге шайлоодо ийгилик каалайбыз.

Ошондой эле буга чейин  бир мандаттуу округдардан Канат Исаев, Айбек Алтынбеков, Арсланбек Малиев, Акылбек Сариев сыяктуу аракеттеги жана мурдагы депутаттар бир мандаттуу округдардан  шайлоого катышарын билдиришти.

Булак: “Майдан. kg” гезити