Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 174

Туйгунаалы Абдраимов допрашивался около восьми часов

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев бийликте турган учурда анын жакындары эмнелерди гана кылышкан жок. Шоопуру кадр маселелеринин билерман, чечарманына айланса, жансакчылары эсепсиз байып, бизнес түптөп, айтор шебинин амири менен жакшы эле тайраңдашты.

Атамбаевдин айылдашы, досу, БШКнын мурдагы төрагасы Туйгуналы Абдраимов  алардан кем калмак беле. Өмүрү бизнес менен алектенбеген Туйгуналы мырза деле досунун ооматынан  жакшы эле пайдаланган окшобойбу.

УКМК тарабынан ага “мыйзамсыз баюу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын ондогон мүлктөрү, байлыктары ачыкка чыгып олтурат. Ал бир канча коммерциялык банктарга жакындарынын аттары менен  активдерди салгандыгы анык болду. Мындан сырткары, 16 батир, 18 жер тилкелери, эки авто унаа токтотуучу жай, 5 кыймылсыз  жай, 3 айыл чарбасы, 16 авто унаа, ошондой эле “Ысык-Ата” курортундагы бир катар курулушу аягына чыгарылбаган объекттерди жакындарына каттатып койгон.

Учурда тергөө иликтөө башталды. Эгерде анын мынча байлыкка өлкө бюджетине зыян келтирүү менен жетишкендиги аныкталса, ал да буга чейинкилердей “кустурулуп”, өлкө бюджетине келтирилген зыяндардын ордулары толтурулары бышык. 

Булак: “Майдан. kg” гезити