Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 200

- Айданбек мырза, жаңы мыйзам, жаңы Башмыйзамдын негизинде түзүлгөн аралаш система менен паралменттик шайлоого аттандык. Бу сапар элдин элегинен өткөн чыныгы азаматтар парламентке келет деп үмүт артсак болобу?

- Кайсы бир деңгээлде үмүт артсак болот. Бир мандаттуу шайлоо округдарынан эл каалаган талапкерди шайлап алса болот. Ошондой эле партиялык тизме ичинен да каалаган партияга жана тизмедеги конкреттүү адамга добуш берүүгө мүмкүнчүлүк бар. Кептин баары элдин өзүнүн акыл-эс, терең талдоо менен талапкерлер ичинен мыктысын, билимдүүсүн, тазасын тандап алуусунда калды. Элибиз ошого даярбы? Же жарыбаган акчага, уруулук, кокту-колоттук аң-сезимге ууланып, андан чыга албай калабы, маселе ошондо.

Бир мандаттуу шайлоо округдары аябай чоң. 100 миң шайлоочу бир округду түзүп жатат. Айрым райондордун калкы өтө аз. Ошондуктан алар өз талапкерин алып чыга албайт. Ал райондор стратегиялык жактан маанилүү негизи. Маселен, шайлоочулары 10-15 миңди түзгөн Чоң-Алай, Чаткал, Тогуз-Торо, ал эмес 40 миңдей шайлоочусу бар Ат-Башы, Кара-Кулжа сыяктуу райондор да өз талапкерин алып чыгуусу кыйын. Алардын көйгөйлөрүн, маселелерин бюджетте, өкмөттө ким коргойт? Бир мандаттуу шайлоо округдарында, көп мандаттууда деле акча чоң роль ойноп кетиши мүмкүн. Эгерде мурда партия лидеринен алдыңкы орундарды сатып алууга акча берилсе, азыр эми добуш сатып алууга түздөн-түз акча чачыла баштайт.

- Алтынчы чакырылыштын депутаттары шайлоо мыйзамын туура эле өзгөрттүбү же башаламандыкка жол ача турган мыйзам кабыл алып коюштубу?

- Алтынчы чакырылыш жогорудан сунушталган мыйзам долбооруна добуш берди. Бул эмнеге алып келерин мезгил көрсөтөт. Негизи, парламенттин, депутаттын ролу бийлик системасында, жаңы Конституцияда басаңдады, азайды. Жогорку Кеңеш мурункудай күчтүү боло албайт. Ал өкмөттү куроого катыша албайт. Кадр саясатына дээрлик аралаша албайт. Мурункудай коалиция куруп, өкмөттүн саясатын, негизин түзө албайт. Булардын баары жаңы Конституция боюнча президенттин колуна өткөн.

- Эми партиялык тизме менен шайлоого барсаң да, мандат лидердин кийлигишүүсү жок, элдин берген добушуна жараша аныкталат экен.  Партиянын лидерлери маселе чече албай калабы?

- Партия лидерлери мурда деле маселе чече албай калган учурлар абдан көп болгон. Алар тизме түзүүдө күчтүү болуп, шайлоодон кийин чыр-чатак, бөлүнүп-жарылуулар болуп келген. Эми андай эмес. Алган добушуна жараша мандат алат. Партия лидерлери эң белгилүү жана таасирлүү саясатчы катары эң көп добуш алышы мүмкүн. Мына ошонусу менен лидерлик кылып, партиянын саясатын жүргүзөт. Анын ичинде парламентте.

- Эгер жаңы мыйзам жакшы иштесе мандат берүүдө  партия лидеринин эмес, БШКнын таасири чоң болобу?

- Жаңы мыйзам иштеп кетсе, мандат берүү талапкердин алган добушуна жараша болот. Ошондуктан  мандат берүү элдин добуш бергенине жараша болот. Эгерде БШК көз боемечулукка барып, шайлоонун жыйынтыгын бурмалоолорго барбаса...

 

Арина Рысбаева, Булак: “Майдан. kg” гезити