Кайра келишерине “Центерранын” жетекчилери деле ишенишпейт
“Центерранын” жетекчилери “Кумтөр” алтын кенин комбинаты менен кошо кайрып алуу үчүн АКШда соттошуп жаткан менен сот алар үчүн оң чечим чыгарса деле Кыргызстанга кайра келип, өз ишин уланта албайт. Аны “Центерранын” жетекчилери да мыкты түшүнүшөт. Анткени, сот укук берген менен жолдордун баары тосулуп, электр энергиялары үзүлүп, жергиликтүү калк иштегенге да, азык-түлүктөрдү сатканга жана башкаларга бойкот жарыялап, “кеткиле” деп көшөрүп отуруп алса, кандай комбинат иштей алмак эле? Калк “Центерранын” жетекчилерин, адистерин Балыкчыдан ары өткөрбөй коюшу деле мүмкүн. Эгерде утулуп калса, андайды уюштура коюу кандай бийликтин болбосун колунан келет. Ошондуктан кенди кайрып аларына ишенишпесе да “Центерранын” жетекчилери азыр “Кумтөрдөн” көбүрөөк айып пул өндүрүп, кыргыз бийлигине максималдуу зыян келтирүүгө гана аракеттенишүүдө. Айлык акыларын, бонустарын кошпогондо буга чейин 2 миллиард долларга жакын дивиденд алгандардын аалемдери келип, кан айланган жерлеринин баары ачышып, алапайлары кетип жаткандыгын ким деле болсо билип, көрүп турат. Анткени, “Кумтөр” алтын комбинаты “Центерранын” жалпы кирешесинин 70-80 пайызын берип келген. Кумтөр биротоло колдорунан чыккандан кийин “Центерранын” аты эле калат, ал трансулуттук эмес, аймактык маанидеги компаниялардын бирине айланат.
Кыргызстандан көбүрөөк каражат өндүрүү үчүн “Центерра” бардыгын жасап атат. Мындан эки ай мурда “Центерра” - “Кумтөр” алтын комбинатына сырттан башкаруу киргизилгенден улам 1 миллиард долларга жакын зыян тарткандыгын, аны Кыргызстандан өндүрүп берүү үчүн сотко кайрылса, ал ишке ашпады. Жакында Нью-Йорктогу кудуретсиздик жөнүндө сот “Центерранын” адвокаттарынын Кыргызстанга каршы санкцияларды киргизип, айып пул салуу жөнүндө өтүнүчтөрүн четке какты. Алар “Кумтөрдөн” кетип жатканда айрым жабдууларды бузуп, башаламандыктарды жаратуу максатында жумушчу, кызматчылардын табелдери жана графиктери менен иштөөчү программаны жок кылып, техникаларга, жабдууларга запастык тетиктерди жөнөтүп туруучу субьектилер менен биротоло байланышты үзүп салгылары келсе, ал да толук ишке ашпады. Бузулгандар, жок кылынгандар ордуларына келтирилди. Ишкананын жаңы жетекчилигинин тынбаган иш-аракеттеринин натыйжасында запастык бөлүктөрдү алып туруу да чечилди. Мындай аракеттери өз натыйжасын бербегенден кийин алар “Кумтөрдө” өндүрүлгөн алтындардын эркин сатылуусуна бөгөт коюунун жолдорун издешүүдө. Алардын талабы менен Лондондогу баалуу металлдардын базарына катышуучулардын Лондондогу ассоциациясы “Кыргызалтынды” ишенимдүү өнөктөштөрүнүн тизмесинен чыгарып салды. Ал бирикменин эрежесине ылайык, “Кыргызалтын” мындан ары өз продукцияларын ал аркылуу сата албайт. Бирок, алтынга кардар чыкпай калбайт, андай бирикме Гонконгдо да бар, ал Лондондогу коллегасын колдосо, жергиликтүү зергерлик менен алектенген ишкана, уюмдарга сата берсе да болот. Эгерде Өкмөт өндүрүлгөн алтындардан баалуу шөкөттүк буюмдарды чыгарууну жолго койсо, эксперттердин пикирлерине ылайык, азыркыдан алда канча көп киреше алынмак.
“Кумтөр” долбоору башынан аягына чейин коррупциялашкан
Жакында “Центерранын” топ-менеджментинин, бир катар чет элдик жарандардын катышуусунда 2013-жылдын декабрында “Кумтор Голд Компани” жабык акционердик коомунан 200 миллион доллар мыйзамсыз чыгарылып кеткендиги аныкталды. Компания ар кандай суммаларда көптөгөн акча каражаттарын ар жактарга которгон, алардын айрымдарынын мыйзамдуулугу тергөөчүлөрдү шектендирүүдө. Ошол которулган акчалардын бир бөлүгү айланып келип Кыргызстандагы айрым мамчиновниктердин эсептерине келип түшкөн, “Центерранын” жетекчилери өздөрүнүн афераларын биздеги айрым жетекчилер менен ошондой ыкмалар аркылуу ишке ашырышкан деген шектенүүлөр болууда. Мына ошондой шектерден улам Кыргызстандагы Өмүрбек Бабанов, Талант Узакбаев, Төрөбай Зулпукаров, Исхак Пирматов, Алмазбек Баатырбеков сыяктуу мамчиновниктер кармалышып, тергөө менен кызматташкандыктарына байланыштуу үй камагына чыгарылышты. Ал эми экс-спикер Асылбек Жээнбеков, Тайырбек Сарпашов, Темир Сариев СИЗОдо жатышат. Бир нече күн мурда алардын катарына экс-премьер-министр Жоомарт Оторбаев кошулду. “Центерранын” мурдагы президенти Ян Аткинсонго, “Кумтор Голд Компани” ЖАКнын президенти жана башкармасынын төрагасы Майкл Фишер менен Андрей Сазановго, компаниянын финансы боюнча вице-президенти Джон Сьютерге кылмыш иши козголуп, издөө жарыяланды. Тергеп-тескөөнүн жүрүшүндө элге, мамлекетке зыян келтирген башка фигуранттар да аныкталышы ыктымал.
Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев августтун башында сурак берип кетти. Учурдан пайдаланып, “Кумтөрдөгү” коррупциялык афералардын бардыгы анын убагында ишке ашырылгандыгын баса көрсөтүүбүз керек. Анткени, үлүштөрдү өндүрүлгөн продукциялардын колөмүнө жараша эмес, таза кирешеге карата бөлүштүрүү ошондо киргизилген. Адегенде Кыргызстандын компаниядагы акциялары 67 пайызга жакын болсо, ал азайтылып, 2003-жылы декабрда 16 пайызга чейин түшүрүлгөн. Акаев Москвага качып кеткенден кийин ал бир нече ирет кайра каралып 33 пайызга чыгарылган. 2005-жылдан берки өкмөт башчыларынын, алардын орун басарларынын бардыгы өздөрүнүн “Центерра” менен келишимдерин ийгиликтүү, элдин кызыкчылыгына багытталган деп жараналап келишсе, азыр алардын баарынын артында коррупциялык кызыкчылыктар болгондугу аныкталууда. Же “Центерранын” жетекчилери Кыргызстандын негизги байлыгын ыймансыз тоноп, жаратылышына жалпы көлөмү 3,5 миллиард долларлык зыян келтиргендиги үчүн гана эмес, жаңыдан көз карандысыздыкка ээ болгон өлкөдө коррупциянын жаңы түрлөрүн киргизип, аларды ашкере тамырлатып өнүктүргөнү үчүн да жооп берүүсү зарыл.
Мына ошол коррупциянын уюгун талкалап, элдин байлыгын өзүнө кайтарып бергени үчүн президент Садыр Жапаровго ырахмат айтсак болот. Мындан ары “Кумтөрдөгү” абал өзүбүздүн саясый жактан жетилгендигибизге, инновациялык-технологиялык деңгээлибизге жана моралдык, адеп-ахлактык сапаттарыбызга гана жараша болот.
Мирлан Дүйшөнбаев, Булак: “Майдан. kg” гезити