Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 191

 - Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы тарабынан былтыркы парламенттик шайлоо учурунда партиялык коррупцияга жол ачкан айрым адамдар камакка алынды жана бул жаатта иштер улантылары айтылууда. Бул аракетти бийлик алдыдагы парламенттик жарышты таза өткөзүүгө бел байлаганы деп түшүнсөк болобу?

- Былтыркы шайлоонун коррупциялык кесепети жалпы элдин турмушуна жана мамлекеттик казынасынан чоң терс таасирин тийгизди. Себеби, ансыз деле таңкыстык болуп турган бюджеттен кайра шайлоолорго канча деген акча каражат короду, буга күнөөлүү болгон партиялык лидерлер жана уурдалган акчасын сапыргандар жоопко сөзсүз тартылышы керек. Ошондой эле,  кайра шайлоолорго кеткен чыгымдарды да төлөтүш керек. Ошондо таза шайлоого жол ачылат. УКМК туура жолдо деп ойлойм. Бирок эл оозунда болуп жаткан сөздү дагы кайталайм, коррупцияга илешкендер кармалгандары жакшы, бирок канча каражат түшүп, кайда жумшалып жатканына билдирүү беришип турса, элдин ишеними дагы артылат эле.

- Бийликтин "Кумтөр" кенин кайтарып алуу аракети биринчи каршылыкка тушукту. Ошондон улам, айрым өзүбүздүн эле жарандарда терс реакция жаралууда. Сиз Садыр Жапаровдун "Кумтөр" боюнча баштаган иштеринин аягына чыгарарына ишенесизби?

- “Кумтөр” боюнча  Садыр Нуркожоевич  Жапаров мамлекеттин башчысы катары саясий эркин көрсөтүп, мамлекеттин башкаруусуна алды. Бул убакка чейин “Кумтөрдү” башкарып келгендер дүйнөлүк маанидеги мөңгүлөрдү жок кылып, экологияга өтө чоң зыянын тийгизди. Ал эми мыйзамсыз жайыт жерлерди бузгандар кен казган жерлерге тиешелүү жоготууларды мыйзам чегинде төлөшкөн эмес. Ошондуктан “Кумтөрдүн” алтындарын уурдап элдин ырыскысын жегендердин Эл аралык соттордон утабыз деген ойлорунан майнап чыкпайт деп ойлойм. Демек, чындык Кыргызстан тарапта, “Центерра” айла жок кыргыз мамлекетинин койгон шартына көнүшү керек.

 - Азыр да коомчулукту чайпалтып, элди төртүнчү төңкөрүш менен коркутуп аткан чагымчыл күчтөр бар экени жашыруун эмес. Алардын максаты эмнеде, шайлоону шылтоолоп бийликти басып алуубу? Деги эле бүгүн, бир жыл өтпөй кайрадан төңкөрүш боло тургандай кырдаал барбы?

- 1995-жылдан баштап эркин шайлоолор өтүп баштагандан баштап бийликтегилер жана акчалуулар ар шайлоо сайын арам акчаларын чачып, Жогорку Кеңешке өтүп жана бийликтин майлуу креслолоруна отуруп көргөндөр таза шайлоону каалашпайт. Алар көнгөн адат калабы уйга жүгөн салабы дегендей эски оорусу кармап, кандай ыкма менен болсо да бийликке келүүнү көздөшөт. Элдин өмүрү аларга беш тыйын.  Ошондуктан мамлекетке кызматын жана саясатты пайдаланып зыян келтиргендерди люстрация жолу менен тазалоо керек. Ошондо башкаларга сабак болуп, таза муун өсөт.