Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 473

Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиев партиялык системанын айынан чоң чыр чыгышы күтүлүп келгенин билдирди. Айтымында, талапкерлер арасында акчасын партия жетекчилерине берип коюп, бирок мандат ала албай келгендер да болгон.

- Биринчи бештик, ондук үчүн ачыктан ачык эле олчойгон акча беришип, депутаттык мандатты сатып алуу көнүмүш жөрөлгө болуп калды эле... Акыры бир чоң чыр чыкмак бул боюнча! Акчасын берип коюп, 2-3 жыл депутатта да болбой, башка жумуш да алалбай, партиянын кожоюндарын коркутуп-үркүтүп жүргөнү канча болду...

Тилекке каршы, партиялык жабык система ушундай "уродливый" системага өтүп калганын баарыбыз эле баамдап келдик. Мындай система чылкый эле партиялык коррупция экенин көргөнбүз. Парламентаризмге акыркы жаназасын окулганы да ушундай ыплас иштерге байланыштуу. Партия - бул чоң жана кирешелүү бизнеске айланган. Четинен эми мындай иштер чыга берет, тилекке каршы...

Ушундай системага кандайдыр бир деңгээлде чекит коюлду жаңы Конституция кабыл алуусу менен. Шүгүр дейли...