Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 968

- Рамазан агай, неге президенттин ШКУнун саммитинде сүйлөгөн жалындуу сөзүн сындагандар чыга баштады. Анын маселени кабыргасынан койгону башка мамлекеттерге жакпай калдыбы?

- Президент ШКУнун саммитинде кыргыз-тажик чек арасындагы жагдай боюнча маселени кабыргасынан койду. Бирок орустардын сынына кабылды. Биз орустар минтип айтты, тигилер тигинтип айтты дебешибиз керек. Тескерисичнче, маселени кабыргасынан коюп, ачык айтып, ак сүйлөгөн президентти колдоого алышыбыз зарыл. Кайда болбосун  эгемен эл экенибиз көрсөткөнгө даяр болушубуз керек. 

- Эмне үчүн орустар президенттин орундуу маселесин сындап чыгышты?

- Алар Кыргызстанды ар дайым өздөрүнө көз каранды кылгылары келет. Ошон үчүн ыгы жок сын менен дооматтарды коюп жатышат. Эми тышкы иштер министри тез арада орус басылмаларында чыккан маалыматтарга реакция кылып, билдирүү таркатышы керек. Биздин министр болсо, унчукпай отурат. Президентти коргой албаган министрдин кимге кереги бар дегиң келет экен.

- Орустардын максаты эмне?

- Алардын максаты Кыргызстанга пайда келтириш эмес, өз кызыкчылыгын ишке ашырыш. Булар чынында Кыргызстандын өнүгүп кетишин каалаабайт. Ошон үчүн илгеркилер “орус менен дос болсоң ай балтаңды ала жүр” дешчү. Негизи орустарга  Орто Азиядагы эл жаңжалдашып турса, калп эле ортого түшүмүш болуп, таасирин жоготпогондун аракетин көрүшөт. Путиндин максаты башка үчүн Байденге Орто Азияга кийлигишпе деп жатпайбы. Себеби, Путин  ким экенин түшүнгөндөрдүн баары андан кача башташты. Мисалы Грузия, Украина, эми Белоруссия кетебиз деп жатат. Геосаясатта таасирин жоготуп жатканын көрүп Орто Азияны күч менен мыкчып кармагысы келип жатат.