- Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата абактан кайрылуу жасады. Ал кайрылуу Садыр Жапаровго арналган болчу, бирок жооптуу сиз бердиңиз. Эмнеге?

- Баарыбыз Атамбаевдин кылган жакшы иштерин билебиз, бирок медалдын эки жагы бар дегендей, кемчиликтерин да айтып кетсе жакшы болот эле. Биздеги көйгөй – качып кеткен жана камалган президенттер элден кечирим сурабай, жасаган иштеринен жалаң жакшыларын гана айта беришет, кетирген кемчиликтери тууралуу ооз ачышпайт. Мен ачык айтып коеюн, бирөөнүн заказын аткарган жокмун, саясатчы катары, Атамбаев менен бир убактарда чогуу иштешкен адам катары гана билген чындыгымды айттым. Кыргызда жакшы сөз бар: “Жыгылган адамды теппейт” деген. Мен Атамбаевди тепкен жокмун, баарын факты менен айтып бердим. Мамлекеттин бүгүнкү оор кырдаалга кептелишине Атамбаев кандай “салым” кошконун тизмектедим. Ал сөздөрдүн баары чындык, анткени менде ар бирин тастыктачу видео-материалдар бар. Мисалы, эл менен жолугушуулардын биринде “Кумтөр” маселеси боюнча айтып жатып: “Акаев менен Бакиев “Кумтөрдү” коррупцияга айландырды, жүз миллиондогон долларларды алышууда. Бул тууралуу менде фактылар бар. Бийликке келээрим менен “Кумтөр” элге өтөт, Кудай алдында, силердин алдыңарда ант берем”, - деген. Бирок анысын аткарган жок. Ошондон улам, антты жөн бере бербеш керек, ант урат деген чын экен деген ой келет. Мына, ант урганы ушул эмеспи – абакта жатат. Кийин “Кумтөр” элге кайтарылсын деп чыккан кыргыз элин, саруулуктарды каматып, канадалык компаниянын адвокатына айланып албадыбы. Бул биринчи факты. Экинчиси, криминалды жок кылам деди. Жок кылмак турсун, мыйзамдагы ууруларды боштондуккка чыгарды. Коррупцияны талкалайм деп коюп, системаны коррупциянын сазына батырды, сабатсыздарды кызматка алып келди, жардамчы, шоопур, жансакчыларына бийлик берип, мамлекетти жарга такап койду. Үчүнчүдөн, Каркыра боюнча митингди мен уюштурган элем, Түптө 2-3 миңдей эл чогулган жерге келип, бир сөздү айткан. Мен муну азыр эле айтып чыга калган жокмун, Атамбаев бийликте турган кезинде эле айтып келгем. Атамбаев жарданган элдин алдында туруп: “Каркыра – элдин намысы. Мен президент болсом, Нуракеге (Нурсултан Назарбаев – ред.) чөгөлөсөм да Каркыраны кайтарып келем. Үстүмдө көк асман, оң жагымда касиеттүү көл, сол жагымда тоо турат, айтканымды аткарам”, - деген. Бирок андай кылган жок.

“УКМК биздин артыбыздан аңдып жүрөт, оппозицияны аңдыгандан башка иш кылбайт. Мен коррупцияга каршы күрөшүү кызматына жоем, контразведкага чек араны кайтартам”, - деген болчу, жыйынтыгы эмне болду? Коррупцияга каршы күрөшүү кызматын түзүп, аны менен көп саясатчылардын убалына калды. Өзүнө күч түздү дагы, кыңк дегендин баарына мыйзамсыз кылмыш ишин козгоп, камакка алды. Ошондон улам, “аң казсаң терең каз, өзүң түшөсүн” деген кеп эске келет. Таба кылбайлы, бирок бул чындык. Дагы көп сөздөрүн айтпадым. Эң негизгиси анын кан менен келгени. 87 баатыр 2010-жылдын апрелинде өлкөбүз өнүксө экен, элибиздин жашоо-турмушу жакшырса экен деген тилек менен бийликке каршы чыгып, курман болушту. Алардын арбактарынын алдында Атамбаев ыйлап ант бергени баарыбыздын эсибизде. Бирок башкасы турмак, каза тапкан жигиттердин арбагынын алдында берген антынын да өтөөсүнө чыкпады.

 - Кыргызстандын учурдагы саясий – экономикалык абалына кандай баа бересиз? Жаңы бийлик – элдик бийлик келди дедик, бирок баа тынбай өсүп жатат, алдыда парламенттик шайлоо келатат. 6-чакырылыш мөөнөтүн узартып ушул кезге чейин отурат. Мына ушул жана башка көрүнүштөр элдин нааразычылыгын жаратууда. Сиз кандай карайсыз?

-Калк айтса калп айтпайт деп коет. Бүгүнкү күндө абал бардык жагынан оор. Буга башкы себеп – ковид деген балакет оорунун башталганы. Ал биздин гана эмес, дүйнөнүн экономикасына сокку урду. Башынан эле Россия, АКШдагыдай сактоо фонддорун түзгөндө мындай абалга тушукпайт болчубуз. “Кумтөрдөн” түшкөн акча мамлекеттин кызыкчылыгына эмес, президенттердин чөнтөгүнө иштеп кетпедиби. Анын үстүнө бизге инвесторлордун келиши кыйын болуп калды. Баарыбыз билебиз экономика алдыга жылыш үчүн мамлекетте тынчтык болушу зарыл. Саясатчылар баарына кызмат жетпей турганын түшүнүп, жеке амбицияларын чекеге жыйыштырып коюп, “эмнеге мени кызматка койбодуңар”, - деп догурунуп чуркашканын ташташса жакшы болот эле. Ооба, абал оор, бирок сабырдуу болуп турсак, “үмүтү жок шайтан” болбой. Бүгүнкү бийлик абалды жакшы жолго салып кетет деп үмүт кыла туралы. Россия, Кытай сыяктуу ири мамлекеттер буга чейин 300-350 миллион доллар, бюджеттин дээрлик 40 пайызын түзгөн каражатты жардам иретинде берип турушчу. Пандемиядан кийин алардын өздөрүндө да кыйынчылык болуп мындай жардамдардан куру калдык. Ушунун баары өлкө экономикасына залакасын тийгизип жатпайбы. Акыбалды оңдош үчүн кадр маселесине дыкат караганга туура келет. Чынын айтканда, биз ушул жактан аксап жатабыз. Сырттан инвестор келмек тургай, ички инвесторлор сыртка чыгып кеткендей кырдаал түзүлүүдө. Бизнести кыспай, тескерисинче ага жардам бериш керек. Бизнеске жолтоолук кыла турган мыйзамдарды киргизүүнү токтотуу кажет. Жеңилдиктерди берүүнүн жолун издөө зарыл. Мурда биздей кыйналган мамлекеттерге БУУ аркылуу жаңылбасам, 13 триллион доллар каралчу да, азыр ал да токтоп калды. Бирок мен ойлойм, биздин эл революцияга эч убакта ачка калгандыктан чыккан эмес, адилетсиздикке туш болгону үчүн чыккан. Адилеттүү болуп, кадр маселесинен жаңылбаса эле бийлик элдин көңүлүнө төп келет.

 - Алдыда парламенттик шайлоонун саясий өнөктүктүгү жакындап келатат. Мурдагылардан айырмаланып бул жолу жарымы партиялык тизме, жарымы бир мандаттуу болот. Учурда эл ким көп акча берсе, ошого сатылат деген дагы, өз тандоосун жасаган, сатылбаган шайлоочулар көп деген да пикирди кармангандар бар. Сиздин оюңузча кандай болот? 75 партиянын ат салышууга чыгышы рекорддук көрсөткүч эмеспи. Шайлоо мурдагылардан өзгөчөлөнүп өтөбү?

- Жогоруда айтпадымбы, бизде революцияга эл адилетсиздиктен улам чыгат деп. А адилетсиздикке шайлоо аркылуу туш келгенбиз. Ошон үчүн алдыдагы шайлоого бийлик, президент такыр кийлигишпеши керек. Эгер президент кийлигишсе, чырдын башталышы ошол болот. Президентти алты жылга шайладык, командасы менен иштегенге мүмкүнчүлүк беришибиз керек. Бирок шайлоого кийлигишсе, орусча айтканда “начало и конец” болоору анык. Ал эми 75 партиянын катышканына кубануу гана керек. Демек, демократия. Демократия бар жерде өсүш болот. Черчилль айткан: “Демократия болбогон нерсе, бирок адамзаты андан өткөн нерсени таба элек” деп. “Кой аксагы менен миң” дегендей, акча менен депутат болом дегендер да көп. Добуштардын сатылып кеткенине эл күнөөлүү эмес, саясатчылар акча таратып жатып элди көндүрүштү, айыптын баары ошолордо. Менин оюмча, келерки парламент көп тарыхый чечимдерди кабыл алып, көп жакшы иштерди жүзөгө ашырчу чакырылыш болот. Анткени, буга чейин парламенттик башкаруу деп аталып келбедикпи. А чын чынында, парламенттик деген атка жамынганыбыз менен президенттик башкарууда жашадык, анткен менен жоопкерчиликтүү тарап болбоду. А бүгүнкү күндө президент жоопкерчиликтин баарын өзүнө алды. Эми шайлоону таза өткөрүп алсак, мыкты парламентке ээ болобуз. Туура, саясатта соодалашуу болот. Саясатчы сүйлөшкөндү билиши керек. Парламенттик шайлоого бийлик кийлигишпей койсо, өнүгүүнү беттегенибиздин башкы далили болуп калмак.

- Шайлоочулар партияларды лидерлер үчүн эле шайлап келишти. Программасына добуш берели дешсе, же жарытылуу программа жок дегендей. Анын үстүнө эч бири кийин убадаларын аткарып деле жиберишпейт. Ошондон улам, бир мандаттуу жакшыраакпы, партияга караганда бир адамдын тазалыгын, тажрыйбасын салмактаган туура болобу деп ойлойт экенсиң. Жарымы партиялык тизме, жарымы бир мандаттуу кылуу элдин башын айландырып койбойбу? Анын үстүнө мурдагыдай 120 депутат эмес, 90 депутаттык орунга 175 партия ат салышып башташса?

- Кармаш укмуштуудай катуу болот го деп турам. Бир мандаттууга жок дегенде он талапкер ат салышат. Утканы болот, утулганы болот. Бул нерседен убагында өтпөлүк беле. Чынын айтканда ат салышкандарга кыйын эле болот. Кайталап коеюн, буга чейин парламенттик башкарууда калп эле парламентке шылтап коюп, иштин баарын президент менен премьер-министр кылчу да. А азыр такыр башка система. Элибиз бул күндү да көрүшү керек. Эң негизгиси мамлекетибиз тынч болсун. Учурдан пайдаланып, саясатчылардан суранат элем: шайлоону тынч өткөрбөй, дагы бирдеменин ичинен чыгып, революция кылабыз десеңер мамлекетке өтө оор болот. Мен бүгүнкү бийликти намыс үчүн колдоп жатам. Болбосо, кызматы жок эле жүрөм. Жеке өз кызыкчылыгымды ойлосом башкаларчылап мен да каршы чыгат белем. Мага кызматтан биринчи, мамлекеттин бүтүндүгү, элдин бейпил жашоосу керек. Ачыгын айтып коюш керек, УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев коррупцияга каршы күрөштү абдан жакшы жүргүзүп жатат. Кайсы жерде болбосун далилдеп бере алам, 30 жылдан бери мамлекеттин бюджетине бүгүнкүдөй сумма нак түшкөн эмес.

 - Ооба, каматкандан көрө бюджетке акча түшүргөн жакшы. Бирок коомчулукта бул акчалар бюджетке түшүп жатабы деген күмөн ойлор да жок эмес...

- Мен Ташиевди бери жагы 15-20 жылдан бери жакшы билем. Айтканынан кайтпаган көк жалдыгы бар. Экинчиден, акчалар накталай түшүп жатканы белгилүү эле болуп турбайбы. Үчүнчүдөн, бул киши беш маал намаз окуйт, мечит салдырды, Кудайдан коркот. Ошондуктан, анын иши ак деп ишенимдүү айта алам. Мен дагы ИИМде орун басар болуп иштеп жатканымда ушундай күрөштү баштагам. Аны баштаган адам толтура душманга заматта ээ болуп калаарын өз жон терим аркылуу билдим. Азыр да Ташиевди жаманатты кылыш үчүн ар кандай фейктерди чыгарып жатышат, эл-журтума андайларга ишенбегиле дейт элем, Ташиев андай ишке барбайт, мен кепилдик бере алам.

 - Сиз убагында ИИМ министринин орун басары болдуңуз, көп кызматтык тепкичтерди басып өттүңүз. Кийинчерээк оппозициянын катарында жүрдүңүз. Азыр кызматыңыз жок. Эгер бийлик кызмат сунуштаса бара белеңиз?

- Чынын айтайын, бардык саясатчылардын оорусу эле “эптеп кызматка жетсем, байысам, Дубайдан, Түркиядан вилла сатып алсам” болуп калды окшойт.  Мен иштесем болду, менин оокатым өтсө болду, эл эмне болсо ошол болсун адатына түшүп калганыбыз кейиштүү. Кызматка барбай туруп деле эл үчүн кызмат кыла берсе болот да. А эгер бийлик өзү каалап кызмат сунуштаса, барышым мүмкүн. Эмнеге дегенде, ал – мамлекеттик кызмат. Билимиңди, тажрыйбаңды мамлекет үчүн иштетүүгө эмнеге болбосун? Өгүнү бир ички иштер кызматкери социалдык тармакка жазыптыр: “Кудай алдында айткылачы, Кадыровго пара бердиңер беле?” – деп. Баары тең “жок, андай эч болгон эмес”, - деп жооп беришиптир. Эл алдында ушинтип маңдайың жарык жүргөнгө эмне жетсин. Балаң сөзгө сынып, коррупционердин баласы деп аталып тургандан өткөн кордук болбосо керек. Кызматка бараардан мурун кантип барам, кантип иштейм жана кантип кетем деп ойлонуш керек. Коррупциялык иштер менен убактылуу чоң акча таап, бала-чакаңды багуу аш болбосо керек деп ойлойм.

Булак: "Майдан. kg" гезити