- Нарынбек мырза, эмне үчүн Кыргызстанда президенттин чын дилден жасаган аракетинин баарын тескери бургусу келгендер көбөйдү?

- Чынында президент сыйкырчы эмес. 30 жылдап чогулган маселенин баарын бир заматта чечип коё албайт. Менин түшүнүгүмдө кымбатчылыктын айынан нааразы болгондор бар. Негизи күйүүчү май кымбаттаганда баары кымбаттайт. Анткени, керектүү тамак-аштын буюм, тайымдын баары машине менен ташылат. Күйүүчү май болсо уламдан улам кымбаттап жатат. Тааныштар менен пикир алышып, абалды талкуулаганда, “мүмкүн, бул кымбатчылык Орусиянын атайын жасап жаткан ишиби?”- деп да ойлоп кетебиз. Сураштырып көрсөң Америка, Россияда деле кымбатчылык күч алганын, бардык эле жерде кымбатчылык болуп, элдин нааразычылыгы күчөгөнүн угасың. Бирок, ошого карабай социалдык абал курчуса экен дегендер да бар.

- Президенттин кудасы, “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Түмөнбаев Турусбек кызматтан кетиптир. Анын кызматтан кетишине эмне себеп болду деп ойлойсуз?

 - Азыр жаңылыктар чагылгандай тез тараган заман. Менимче, кудасынын кызматтан кетишине кадр саясатындагы нааразычылыктар себеп болсо керек. Айтайын дегеним, президент “кадрдын баары конкурстун негизинде тандалып алынат” деген. “Конкурсу жок эле президент кудасын кызматка койду”- деп сындап чыгышты. Ошондой эле журналисттердин изилдөөсү боюнча тендерди кудасынын кызы түптөгөн компания утуп алыптыр деген да маалымат тарады. Мына ушул сындын баарын жокко чыгарып, президенттин кудасы кызматынан кетти окшойт.

 - Кыргызстанда кызматка илешпей калгандын баары эле өзүн оппозиция сезип, сындай беришеби?

- Кыргыз саясатчыларынын табияты ошондой окшойт. Бир топ атактуу белгилүү саясатчылар Бакиев менен бирге революция кылышты. Кийин кызматка илинбей калганда кайра Бакиевди жамандашты. Ошондой эле Атамбаев, Жээнбековдун шайлоосуна колдоо көрсөтүп чуркап жүргөндөр да кызматка илинбей калганда кайра душман болуп чыга келишти. Азыр деле ошондой. Сыягы, саясатчылардын жаратылышы ошондой болот окшойт. Өзгөчө кыргыздар кичине эле салам бербей калса таарынып, “карабай калды, жакшылыгымды билген жок”- деп душман көрүп алабыз.

- Нарынбек агай, неге шайлоодон кийин бийлик алмашат деп шыпшынып күткөндөр көбөйдү. Кыргызстандагы бийлик алмашуу кимдер бирөөлөргө керекпи?

 - Шайлоодон кийин бийлик алмашат деген сөздөрдү мен да угуп жатам. Сыягы, Кыргызстанда бийликтин алмашат деген сөздүн күч алышына сырткы күчтөрдүн да таасири бар окшойт. Алар кызыкдар болгон үчүн ушундай эмес маалыматтар тарап жатат. Алар медиа тармактар аркылуу ушундай фейктерди коё берип жатышат. Өкүнүчтүүсү, бийлик алмаштырууну адатка айлантып бара жатабыз. Бир ууч топтун кызыкчылыгы үчүн бийлик алмаштыра берсек, ушу турган кошуналарга эле кадыр-баркыбызды жоготобуз. Тагыраагы, бийликти эртең менен тура калып эле басып ала берсек, ушундай өлкө менен кантип иштешебиз деп кошуналар да сыйлабай калат. Бирок, Кыргызстанга сырткы күчтөрдүн океандын ары жагындагы батыш өлкөлөрүнүн жана Россиянын да геосаясий кызыкчылыктары бар. Ошон үчүн алар бийлик алмаштырууну каалашат. Туш тараптан таасирин тийгизүүгө аракет кылышат. Маселен, Россия Кыргызстанды колунан чыгаргысы келбейт. Эгер чындап Кыргызстанга жакшылык кааласа, бизди марионетка катары карабай, тең карашса болмок. Менин Россиянын ушундай саясат жүргүзүп жатканына ичим күйөт. Мисалы, биздин президент биринчи сапарын Россиядан баштады. Ушунчалык көп макулдашуулар түзүлдү, Кыргызстанга көп инвестиция келет деп протоколдор жазылды. Бирок, анын бири да аткарылган жок да. Өкүнүчтүүсү, биздин боордош мамлекеттер эки ачакей саясат жүргүзүп жатышат. Биз боорубузду берип, чын дилибиз менен тартылсак да, алар теңине албай, өз билгендерин кылып жатышат. Ага ким күнөөлүү экенин билбейм, бирок алардын жакшы эмес саясаты деп ойлойм.

 

Булак: «Майдан. kg» гезити