Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 175

Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асанов "бийликти күч менен басып алууга даярданып жүргөн" деген шек менен камалды. Ал  14-сентябрда Жазык кодексинин 309-беренеси ("бийликти күч менен басып алуу аракети") менен сотко чейинки териштирүүнүн негизинде камалганын маалымдады. Билдирүүдө ал "башка адамдар менен бирге алдын ала сүйлөшүп, бийликти күч менен басып алууга активдүү даярданып, уюштуруп жүргөн" деп айтылат. Бул иштин алкагында Асановдун шайлоо штабында иштеген Алмаз Сарыбаев да кармалды.

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаттары Жанарбек Акаев, Алтынбек Сулайманов, Бакытбек Жетигенов, Канатбек Исаев жана Чүй облусунун мурдагы башчысы Туйгунаалы Абдраимов Ички иштер министрлигине сурак берип чыгышты.

Жанарбек Акаев Курсан Асанов менен Алмаз Сарыбаевдин сүйлөшүүсү делген интернетке жарыяланган видео боюнча төрт саат сурак берип чыкты.

"Бийликти басып алууга коомчулукка чакырык жасаган эмесмин. Кыргызстанда бир дагы киши аны далилдеп бере албайт. Суроо-жоопту ачыкка чыгарбоо тууралуу катка кол коюп бергеним үчүн көп нерсени айта албай турам. Суракка чакырган мөөнөттө келип туруу боюнча катка дагы кол коюп бердим", - деди ал.