Ушундай суроо берүүгө аргасызбыз. БШКдан билдиргендей, добуш берүүгө канча адам келгенине карабай шайлоо болуп өттү деп таанылат. Бул жалпы шайлоочулардын төрттөн бир бөлүгү шайлоо участокторуна келип, добуштарын беришсе да шайлоо өттү деп таанылат дегенди билдирет. Албетте, шайлоочуну мажбурлап добуш бердиртүү мүмкүн эмес. Демек, бул жерде шайлоочулардын укуктары жөнүндө маселе жок. Маселе, партиялардын, талапкерлердин жеңиштери канчалык легитимдүү болот? - деген суроо жаралбай койбойт. Добуш берүүгө шайлоочулардын жарымынын жарымы келишсе, алардын добуштарын алган партиялардын же талапкерлердин парламентте шайлоочулардын өкүлү катары отуруп, алардын кызыкчылыктарын, таламдарын талашканга канчалык мыйзамдык жана моралдык укуктары болот? Шайлоого канча адам келсе да тааныбай кое албайбыз. Добуш берүү участокторуна шайлоочулардын азы гана келсе, берилген добуштар менен шайлоону тааныгандан башка кандай айлабыз калмак эле. Бирок келечекте бул маселе каралып, шайлоо мыйзамдарына өзгөртүү, толуктоолор киргизилип, шайлоочулардын активдүүлүктөрүн арттыруу менен бул кемчилик жоюлушу абзел. Болбосо, жалпы парламенттин легитимдүүлү боюнча маселе актуалдуу бойдон кала берет.
Булак: «Майдан. kg» гезити