Айрым саясат талдоочулар, саясатты жакшы түшүнгөндөр ушундай пикирлерин билдиришүүдө. Алардын айтымдарында, эки партия тең оппозициялык көз караштагы партиялар. Бирок, “Реформадан” айырмаланып, “Ата-Мекен” партиясы парламенттин курамында болсо, анын лидери Өмүрбек Текебаев ар кандай саясий жүрүштөрү менен өзүнө эле эмес, жалпы партиясына көлөкө түшүрүп, миңдеген тарапкерлеринин ишеничинен чыккан. Бул жагдай биринчи кезекте “Реформа” партиясынын зыянына иштеши толук ыктымал. Жаңы жүздөр, прогрессивдик көз караштагылар топтолгон “Реформа” партиясына ишеним, үмүт артып аткандар “Ата-Мекен” менен биригип алганы үчүн добуштарын бербей коюулары мүмкүн. Бул реформачыларды ойлондурчу жагдай. Демек, Текебаевдин айынан добуштарынан ажырагылары келбеген реформачылар шайлоого чейин тандемден чыгып кетүүлөрүн жокко чыгарууга болбойт.
Булак: "Майдан. kg" гезити