Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 139


- Асан агай, акыркы мезгилде айрымдар президенттин сабырдуулугунан пайдаланып, анын мамлекетти көтөрөм деген аракетин жокко чыгаруунун жолун издеп калышты. Президент катаал болбой бош болуп жатабы?

- Ордо оюндары ар дайым болуп келген. Мындан кийин да боло берет. Ошон үчүн бийликке келген президент бош болбошу керек! Тагыраагы, бийликти тартип мыйзамы менен гана кармап турушу керек. Ансыз азыркы учурда бийликте туруу кыйын...

- Абалды кимдер курчуткусу келип жатат?

- Менимче мурунку бийликте жүргөндөр, мурунку президенттердин тааныштары жана кызмат жетпей калгандар жөн жатпашы, абалды курчутууга салым кошушу бештен белгилүү. Алар азыркы бийликке өздөрүн оппозиция катары көрүшөт да...

- Президент кудасы экенине карабай “Унаа” мамлекеттик мекемесинин директору Турусбек Түмөнбаевди кызматтан алдырганы туура эле болдубу?

 - Кудасы боюнча андай мындай деп айта албайм. Негизи кудасын башынан эле бийликке жолотпош керек болчу. Анткени, куда деген ыйык болот. Эки куданын ортосунда эки жаштын тагдыры бар. Ошон үчүн башынан эле туура түшүндүрүп, “кызматка ала албайм”- деп сүйлөшүп алышы керек болчу. Кудасын кызматка койгону элге чыгып кетип, президентке сөз тийгизип, сынга кабылтты. Президент үчүн бул минус болуп калды. Бирок, кеч болсо да кызматтан алып, тазалап жатканы дурус...

- Президент мактоого татыган иштерди жасай алдыбы?

- Президент азыр болгон мүмкүнчүлүгү менен иштеп жатат. Алсак, “Кумтөр” өзүбүз үчүн иштеп жатат. Жолдор курулууда. Ошондой эле пенсия көбөйөт деп жатышат ... Мектептерде акча чогултуу токтоду. Эң жакшысы, “мугалимдер үчүн бекер үй курулат” деп жатышат. Айтор, алгылыктуу иштер акырындап болууда десек болчудай... Негизи жамандай берүү жакшылыкка алып барбайт. Айтайын дегеним, жакшы нерсени көбүрөөк айтсак жакшы жакка иш уланат. Эң негизгиси пейилди оңдоо керек...

- Улам бийликти алмаштыра берүү мамлекетин кадырына доо кетирбейби?

- Бийликти алмаштыруу бизде оюнчуктай эле көрүнүштү пайда кылып койду. Бул нерсенин пайдасынан зыяны көп болуп калышы ыктымал. Ошон үчүн бийликти алмаштыра салабыз деген адатты жоюу зарыл. Улам эле бийликти алмаштыруу жакшылыкка алып келбейт...

- Президент мамлекетти өнүктүрүш үчүн эмне кылышы керек?

- Президент азыр чечкиндүү кадамга барып, Кыргыз Республикасынын 30 жылдыгына карата өзүнүн анализин өкүмүн чыгарышы керек болчу...

- Кандай өкүм чыгарышы керек эле?

- 30 жылдык жыйынтык!...  30 жылда мамлекетте эмне жакшылык болду жана эмне кемчиликке жол берилди. Кандай катачылык орун алды. Мына ушул жыйынтыктын негизинде 30 жыл ичинде Кыргыз Мамлекетин сызга отургузган, 30 жыл ичинде иштеген аким, губернатор, министр, министрдин орун басары, вице-премьер министрлер, премьер министрлер, Башкы прокурор, прокурорлор, Жогорку соттун төрагалары, соттор, укук органдардын башчыларын, президенттерди мамлекеттик кызматка бала чакасына чейин кызматка жолобогондой кылып, ар бирине олчойгон айып салып, люстрация мыйзамын кабыл алуу керек эле... Ошондо система тазаланып жаштар келет болчу. Коррупция түп тамыры менен жоюлмак . Бизнес чөйрөсү күч алмак да мамлекет тез арада бутуна турмак! Бул өтө оор өкүм. Бирок, аны жасабаса болбойт! Ансыз өнүгүү - туңгуюк! Мамлекет деген - мамлекет. Аны башкаруу керек. Ошол эле учурда өнүктүрүү зарыл

 

Булак: «Майдан. kg» гезити