Редакцияга митингден тажадык, митинг дегенди уккубуз келбей калды деген маанидеги кайрылуу келди.

Үңүлүп окусак, “Урматтуу, Садыр Нуркожоевич, түрк эли 2016-жылы Эрдоганды кандай колдоп алса, биз да сизди так ошондой колдоп алабыз. Артыңызда калың эл турат. Митинг уюштурууну каалаган Туйгунаалы Абдраимов, Бакыт Жетигенов, Курсан Асанов, Азамат Мусакеев, Исмаил Исаков, Алтынбек Сулайманов, Жылдыз Жолдошовалар 17-сентябрда 100 миңдеген кишини алып чыгып, бийликти басып алабыз деп массалык маалымат каражаттарына маек берди. Сиз буларга катуу чара көрүп, баштаган ишиңиздин аягына чыгыңыз. Курулуп баштаган ГЭСтердин аягына чыгыңыз. Эл сиздин   пенсияларды, социалдык төлөмдөрдү жогорулатканыңызга, ак халатчандардын айлыгын көбөйткөнүңүзгө ыраазы. Элдин тынчтыгын бузам дегендерге катуу чараларды көрүңүз. Жумшак болбоңуз”-деп жазылыптыр.