Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 428

БШКнын мүчөсү Акылбек Эшимовдун кармалышы боюнча Канатбек Исаев пикирин билдирди. Эске салсак, УКМК БШКнын аталган мүчөсү 2020-жылдын июнь айында партиялардын биринин лидери менен макулдашууга барып, А.Д. аттуу адамдан 550 миң доллар алып, аны парламенттик шайлоого карата депутаттыкка талапкерлердин тизмесинин биринчи бештигине киргизүүнү убадалаганын жарыялаган. 

Канат Исаев А.Д.дан партиянын тизмесине киргизүү үчүн акча албаганын белгиледи. 

"Менин билишимче, бул иш кыймылсыз мүлктү сатуу-сатып алуу боюнча жарандык-укуктук макулдашууга кирет. Буга партиянын эч кандай тиешеси жок", - деди "Кыргызстан" партиясынын лидери. 

Айрым маалымат каражаттарынын жазганы боюнча, А.Д. Жогорку Кеңештин мурдагы депутат Акуналы Досалиев. Ал "Кыргызстан" партиясынын тизмесинде 2020-жылдагы шайлоого карата 37-орунда турган.