Азыр эл мурдагыдай эмес, саясий сабаты жоюлган. Калп маалыматты таратуу менен элди бийликке каршы үгүттөйм дегендер жаңылышат. Мындай пикирин саясат талдоочу Актан Ажымамбетов билдирди.
- Мен Камчыбек Ташиев тууралуу калыс пикиримди билдирип келатам. Бирок аны туура эмес кабыл алып, "пахта коюп жатасың" дегендер да табылды. Мен айтып коеюн, ал кишини өмүрүмдө эки жолу көрдүм. Биринчисинде, "Кумтөргө" каршы митингге чыкканда, кол алышып учурашкам. Экинчисинде, Алай районунун Мурдаш айылынын эли мага ошол айылдан чыккан биринчи генерал Исакбек Монуевди жаштарга таанытуу максатында төрт жолу турнир өткөргөнүмө ыраазы болуп, чакырышып "Эл уулу" деген громата тапшырышкан. Ошол убакта Камчыбек Ташиев, Өмүрбек Бабановдор да Алай жергесинде жүрүшкөн экен эл менен жолугуп. Жолугушуусуна барып, "депутаттарыбыз көп болгону менен Кыргызстаныбыз өнүкпөй жатат" дегендей көз карашымды айткам. Андан соң Камчыбек Ташиев чакырып, "калыс жигит экенсиң, биздин командага кошул", - дегендей сунушун айткан. Бирок тагдыр экен, ошол бойдон көрүшпөдүк.
Ушул жашка келип, кайсы саясатчы саясий сойку болуп кеткенин, кимиси "секиргич" экенин кантип билбейин. Аны мен эле эмес, жалпы эл билет. А Камчыбек Ташиев позициясына бекем турду, Бакиевдин убагында кызматын таштап чыгып кеткенин да билебиз. Бул мырзалык сапат. Андан кийин ага текшерүү болуп, бир мык таба албай коюшканы да маалым. Бул кишинин бизнеси өзүнө жетерлик экени, мамлекеттин бир ташына да зыян келтирбегени ошентип далилденбеди беле.
Экинчиден, Убактылуу өкмөттүн учурунда Ош коогалаңы болгондо, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров башын канжыгага байлап коюп, элдин коопсуздугуна кам көрүп жүрүштү. Эми айткыла, ушуларды колдош керекпи же согушту баштап коюп качып кеткендердиби?
Эми азыр Камчыбек Ташиев баласына чоң акча төлөп чет өлкөдөн окутуп жатат дешүүдө. Ал бийликке келе электе эле баласы атактуу футбол клубунда машыгып жатпады беле. Тескерисинче, кыргыздын намысына жарай турган жаштар өсүп келатат деп кубанышыбыз керек эмес беле?! Ташиевди мамлекетти тоноп, анан ал акчага баласын окуткандай кылып көрсөтпөй.
Азыр элдин саясий сабаты жоюлду. Мурда ар кандай маалыматтарга ишене беришчү. Учурда маалыматты заматта текшерип алууга болот. Технология өнүккөн заман. Ошондуктан, айрым саясатчылар мурдагыдай кылып элди каалагандай алдап, туура эмес маалыматтарды таратып жатып, бийликке каршы үгүттөй алабыз деп ойлошсо, жаңылышат. Бир убактарда элди мал ордуна көрүп калышпады беле, беш жылда бир барып, миң сом берип алдап коюп, малга чөп салып койгондой эле. А азыр андай кыла алышпайт. Ар бир адам өз абийирине жараша иш кылат. Бийлик алмашканда бир жигит каза тапты, канча жигит көзүнөн айрылды. Ушуларды билип туруп Камчыбек Ташиев ак иштебей кое албайт, адамдык сапаты бийик. Анан ушундай адам элди алдаса, анда башка эч кимге ишенип кереги жок.