- Калдарбек ага, 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясынын чыгышына Убактылуу өкмөттүн дагы күнөөсү бар экендигин бир нече көз карандысыз комиссия аныктаган. Убактылуу Өкмөттүн төрайымын жоопко тартышпайт? Же комиссиялар толук изилдеген жок беле?
- 2010-жылкы каргашанын чордонунда мен да болгом. Ошол каардуу күндөргө көз жүгүртүү, болгондо да талдоо оор маселе. Шаар кан жыттанып, ээн көчөлөр өлүм алдында жатышкан. Албетте, бийликтин акылы, күчү, билармандыгы мына ушундай апаат күндөрдө сыналат. Андан да мурун, мына ушундай күндөрдүн алдын алуусунда окшойбу.
Түштөн кийин баары эле сынчы, баатыр болуп чыгышат эмеспи. Тигини тигиндей, муну мындай кылса дегеничи... Ооба, Убактылуу өкмөт, анын ичинде Атамбаев, Отунбаева, Текебаев, Исаков жана алардын Оштогу, Жалал-Абаддагы куйруктарынын бири калбай күнөөлүү. Ооба, Жылдыз Жолдошеванын, Эркебаевдин комиссиялары иликтемиш болушкан. Бирок андан не мандем. Толук изилдешкени менен аны ошондой кылып айталышкан эмес. Саясий коньюктура да... Оор маселенин сыртынан тон бычышып, "Асан-Үсөн" күнөөлүү дегендей жолго барышкан. Эгерде аны тереңден иликтешсе, өзбек сепаратисттеринин бири калбай уйгур улутунда экенин, мэрге кирип Ош республикасын ЭЛТРдан жар кыласың да, 400 миллионду алып чыгып кете бересиң дегендин айланасына баш тоголотуп, 1990-жылкы СССРдин баатыры, улуту уйгур Азимовдун Масалиевге анан Каримовго кайрылуусунун түп-тамырына кайрылып... кийинки окуяларга, СССРдин аскерлеринин бир тараптуу иш жүргүзгөндүгүнө, кыргыз жигиттеринин өзбек түрмөлөрүнө камалгандыгына, күнөө Масалиевге жана Сыдыковго гана коюлгандыгына маани беришмек. Жок. Окшоштуруп гана койушкан. Түп-тамыры ошол боюнча кала берди. Бул деген баары бир бир күнү ал жара ириңдеп, кайталанат дегендик эле.
Эми Отунбаевага келсек, кылмыш иши козголду дегени менен бүгүн ал узун элдин учуна угузулбай жүргүзүлүп жаткандай. Ошенткени эле оң. Коом баканооз болуп калды...Бүгүн ичибизге таруу айланбай, жашырган түктөй сырыбыз деле калбады демократияда жашайбыз деген вируска чалдыгып. Албетте, жоопко тартуу керек. Болгондо да катуу жоопко...болбосо президент болом дегендер Алыбайдай алына карабай эле жулунуп жатышпайбы.