- 2010-жылдагы каргашалуу Ош окуясынын чыгышына Убактылуу өкмөттүн дагы күнөөсү бар экендигин бир нече көз карандысыз комиссия аныктаган. Анда эмнеге Роза Отунбаеваны Убактылуу Өкмөттүн төрайымы катары жоопко тартышпайт? 

- Менин оюмча, Ош окуясы боюнча далилдер толтура. Ушул бойдон эле кала бербейт деп ишенем. Себеби, ошол күндөрдүн ийне - жибине чейин өз көзү менен көрүп, жон териси менен сезип Жапаров менен Ташиев чуркап жүргөн. Эгер Ош окуясынын  ак - карасын ажыратпаса, беттерине  салык болуп, артынан ээрчиген кара көлөкө бойдон каларын жакшы билишсе керек? Ал эми Ош окуясы суралып, териштирилип баштаганда Роза сулууну  жердин алдынан болсо да таап келишип жазалай турган күндөр алыс эмес. Сөзсүз жооп берет. Ал экс-президент бойдон  башка пенсионерлерден көп, көп эмес алда канча көп  акча алып отура берем десе жаңылат. Андан  сырткары Текебаев экөө мыйзамды одоно бузганы үчүн, өлкөнүн башына  мыйзамсыз бир жарым жыл президент болуп тургандыгы үчүн өзүнчө жооп берет. Ушул кезге чейин жалган президенттиги жана экс -президенттиги үчүн казынадан  кеткен чыгымдарды дагы төлөйт.

- Учурда Роза Отунбаеванын ашкере активдүүлүгү байкалууда. Анын кайрадан саясатка кайтып келишин колдойсузбу?

- Албетте өз күнөөсүн билет. Ошондуктан да өткөндө Ош окуясы козголгондо безге сайгандай кыйкырып чыкканы да ошондон. Эми акырындан бийликтин колтугуна кирип, өлүмүш болуп акырын жылуу орун издеп жатканы байкалып турат. Ошончо куулук-шумдукту кылган адам кантип жөн отуруп калмак эле. Аягына чейин жан талашары белгилүү да. Буга окшогон жүзү жокторго, маскасын кийген жети баштуу желмогуздарга алданбашыбыз керек. Кыргыздын нарктуу энеси болуп отургандын ордуна  элинин айыбын ачып, ыштанын башына кийип, өзүн өтө "жетишкен элита, маданияттуу" көрсөтүп, мыркалардын арасында кыйналып жүрөт. Эми түрмөдөгү "мыркаларды" да маданиятка  үйрөтүп чыкса өтө саз болгону турат. Мен анын саясатка келишин колдомок түгүл мамлекетте жашап жүрүшүнө каршымын.