Адахан Мадумаровдун эң жакын тарапташынын бири Орозайым Нарматова деген бар. Орозайым Нарматова өзүнүн социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу бийликти негизсиз сынга алып, элди бийликке каршы чыгууга, төңкөрүш жасоого үндөп келет. Ошондой эле, ал өзүнүн билдирүүлөрүндө улут аралык кастыкты да козутуп, Кыргызстандагы башка улуттун өкүлдөрүн басмырлап, кемсинтип турат. Анын мындай сөздөрү коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жоопко тартууну талап кылганына карабастан ага карата эч кандай чара колдонулган жок. Өкүнүчтүүсү, саясаттын казанында кайнап, тажырыйба топтоп, жакшы менен жаманды ажыратып биле элек Нарматовага окшогондор Мадумаровдун курмандыктары экенин түшүнбөгөнүндө. Дегеним, Адахандын арам оюн билбеген мындай жаш муун, анын “бал тилине” балкып, айтканын аткарып, ар кандай мыйзамсыз нерселерге барып жатышат. Эгер, эртең алар бул жасаган мыйзамсыз иштери үчүн жоопко тартыла турган болсо Бакиевди баш кылып далай мен-мен деген саясатчылардын башын жуткан Мадумаров бул үчүн кабагым кашым деп койбойт. Моралдык жактан эчак эскирип бүткөн Мадумаров мындай кылыктары үчүн жоопкерчилик алып, уялып калгандын ордуна тетирисинче мындан да саясат жасап, жомогун токуп чыгат. Буга таң калуунун деле кереги жок. Болгону жаштардын келечегине балта чаап, аларды багытынан адаштырып, жыйынтыгында ара жолго таштап жатканы өтө өкүнүчтүү. Андыктан, Мадумаровдун калп сөзүнө ишенип жүргөн анын айрым тарапташтары бул нерседен тыянак чыгарып, бараткан багыттарына баам салып көргөнү дурус.