Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 136

"Элдик көзөмөл" коомдук кыймылынын лидери Кубанычбек Исабеков менен Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов парламенттик шайлоого чогуу барууну чечишкени маалым болду. 

 Мелис Мырзакматовго таандык "Улуттар биримдиги" партиясы  "биринчи кезекте элдин жана өлкөнүн биримдигине жетишүү үчүн күчтөрдү бириктирүү кажет" экенин белгиледи. 

"Партиябыз Кыргызстандын келечеги үчүн күйгөн бардык саясий күчтөр менен биригүүгө даяр. Кимдин көз карашы кандай деген маселе жок, биз үчүн башкысы элдин жана өлкөнүн биримдиги үчүн алдыга жылуу. Азыр талаш - тартыш жаратуучу убак эмес, өзүбүздүкү жана башканыкы деп бөлүнүүнүн да кереги жок. Ким кайсы жактан экени принципиалдуу түрдө маанилүү эмес", - деди аталган партиядагылар. 

 Белгиленгендей, партиянын мүчөлөрү съездке чогулуша элек.