Жогорку Кеңештин азыркы курамындагы депутаттардын 20сы келерки чакырылышка кайрадан шайланып келиши ыктымал. Мындай божомолун ЖК депутаты Сайдулла Нышанов билдирди.
Ошондой эле депутат партиялык тизменин алдыңкы сабына киргендер 100 миң доллардан 1 млн. долларга чейин берип, депутат болуп алышып, анан мандатты сатып алгам дегендей таризде жумушка келбей жүрѳ беришерин, ошондон улам парламентти эл жаман кѳрѳрүн айтты.
Кызыгы, шайлоо мыйзамдарына ѳзгѳртүүлѳр киргизилгенден кийин парттизменин алдыңкы катарлары буга чейинкилердей эле пулданабы же андай кѳрүнүштѳр токтойбу? Бул боюнча пикирлер ар кандай. Бирлери эми мурдагыдай олигархтардын акчанын күчү менен шайланып келүүлѳрүнѳ бѳгѳт коюлганын айтышса, башкалары партиянын лидерлери мурдагыдай эле тизменин алдын пулдай беришерин айтышууда. Преференциалдык добуш берүү системасынын киргизилүүсү мандаттарды сатып алуу кѳрүнүштѳрүнѳ канчалык бѳгѳт коё алат?
Булак: “Майдан. kg” гезити