Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 88

Кыргызстандагы белгилүү юристтердин бири Сания Токтогазиева ѳлкѳдѳ укуктук хаостун эпидемиясы сайран куруп жатканын айтып чыкты.

Анын айтымында, шашылыш кабыл алган мыйзамдар укуктук системага чоң кедергисин тийгизүүдѳ.  

«Кыргызстанда укуктук хаостун эпидемиясы жүрүп жатат, аны бүгүнкү  режимдин башкаруучулары «укуктук реформа» дегендин алкагында ишке ашырышууда. Мыйзамдар авралдык режимде кабыл алынууда, мыйзамдар шашылыш инвентаризациядан ѳткѳрүлүүдѳ. Бул биздин укуктук системага коркунучтуу кедергисин тийгизиши мүмкүн. Тилекке каршы, кѳптѳгѳн юристтер болуп жаткан башаламандыктарды токтотуунун ордуна Кыргызстандагы укуктук системанын талкалануусуна аң сезимдүү түрдѳ  ѳз «салымдарын» кошуп жатышат», - дейт юрист.

С.Токтогазиеванын айткандарында канчалык чындык бар? Чындап эле укуктук хаос ѳкүм сүрүп жатабы? Буга ѳлкѳнү башкарып жаткандардын юристтери  не дешет? Мындай баа берүүгѳ унчукпай коюуга болбойт го. Күтѳ туралы, бийлик тарап да үн катар.

Булак: “Майдан. kg” гезити