Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 928

Биз буга чейин бүгүнкү күндө Кыргызстанда Камчыбек Ташиевден душманы көп адам жок экенин бир нече жолу жазганбыз. Алар кимдер? Коррупция менен күрөшүүдө УКМКнын кылтагына илинип, уурдаган, жегендерин “кускандар”, “кустурулчулар”. Аларга жалдангандар Ташиев тууралуу эмнелерди гана ойлорунан чыгарып жазышкан жок.  Жалганды чындай беришип, кайдагы жомокторду чыгарышып, иши кылып эле Ташиевди эл көзүнө мокочо көрсөтүү үчүн чоң маалыматтык кампанияны жүргүзүп келишүүдө. Бүгүн эми алар “Ташиев байыды, жубайын сыртка  чыгарып ийиптир, эми өзү Испанияга качканы калды” деген жомокту ойдон чыгарышып, социалдык тармактардагы фейк аккаунттар аркылуу  таратышууда. Аны жазгандар кимдер экендиктери белгисиз. Таптакыр чындыкка коошпогон жомокту ким ачык жазып чыга алсын? Карандай калп  болгон үчүн фейктер аркылуу таркатып жатышат да. 

Башка саясатчыны же чиновникти качканы жатат деп айтышса да, Ташиевди качат деп жазгандарына жол болсун! Ташиев жакынын, досторун, соратниктерин эч качан саптаган, кыйынчылыкта таштабаган, ар дайым жардам колун сунган инсан, саясатчы. Аны “кидать” эткендер жетишерлик эле болду. Бирок “кидать” этмей Ташиевдин инсандык табиятына жат нерсе. Анан ушундай адамдын мекенин таштап, жалпы элди сатып,  сыртка качып кетет дегенге ким ишенет?! Жомокту да окшоштуруп, эл ишене тургандай кылып “токусаңар” боло! Суроо туулат, мынчалык апырткыдай жалданмаларга, алардын буюртмачыларына эмне күч келди? Сыягы, алдыдагы шайлоодо эл алдында аброюн, кадырын түшүрүү максаты болуп жатат окшойт. 

Бул нерсе дагы бир нерсеге биротоло ынандырды.  Фейк аккаунттар менен күрөштү аёосуз жүргүзүп, социалдык тармактарда жүздөрүн  жаап алышып, ак жеринен каралап, чагымчыл маалыматтарды таратып, жалган маалыматтар менен инсандардын бедел, абройлоруна, ар намыстарына  шек келтиргендерди мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартпаса болбой калды. Тигил же бул адам жөнүндө жалган маалыматтарды таратып, эл алдында каралоо, жамандоо – бул кылмыш. Эмне үчүн ааларга карата чаралар көрүлбөшү керек? Ал үчүн ага баргандарга мыйзам чегинде  жазалар көрүлүшү зарыл. Фейк аккаунттардын артында тургандарды аныктап, чара көрүү мезгил талабы болуп турат.