Печать
Категория: Саясат
Просмотров: 400

Ооганстанда талибдердин  бийлиги бекем орнойт окшоп калды. Кытай талибдердин бийлигин кыйыр түрдө тааныды, саясый байланыштарын жөнгө салууга аракеттенүүдө. АКШ “эмне болсоңор ошол болгула” деп куйругун түйүп чыгып кетти. Анын талибдер менен байланыштары жакынкы жылдарда жөнгө салынышы кыйын. Анткени, талибдер өздөрүнүн негизги душманы катары АКШны эсептейт. Россия күтүү абалында турат. Аймактагы  негизги өлкөлөрдүн бири да Панджшердеги Ахмад  Масудду колдошорун билдиришпеди. Эгерде сырттан колдоо болбосо,  анын жеңилиши убакыттын гана иши. Эмне үчүн дүйнөдөгү негизги державалардын баары талибдерди экстремисттик уюм катары жарыялашкан менен аларга каршылык көрөсөтпөй, Ахмад Масудду колдобой жатышат?

Анын себеби төмөндөгүчө. Ооганстанда кырк жылга созулган перманенттик согуш дүйнө элдеринин баарын жадатып бүттү. Негизги державалар кандай бийлик  болбосун туруктуулукту камсыз кылса гана болду деп калышты. Экинчиден, Ооганстан нефти, газ, алтын, уран, башка баалуу  металлдардын кендерине абдан бай. Нефтинин эле чалгындалган кору 200 миллион тоннадан, газдыкы 400 миллиард кубметрден  ашат. Негизги державалар  талибдер менен тезирээк тил табышып, мына ошол кендерди иштетүү  укугуна ээ болууну гана көздөшүүдө. Бул жагынан Кытай  бардыгынан озууда. Ал  Ооганстандын мурдагы бийлиги  менен бир катар кендерди иштетүү, жолдорду куруу боюнча келишим түзсө, эми аларды сактап, экономикалык байланышын андан ары кеңейтүүгө умтулууда. Кытайдын  ХХI-кылымдагы эң башкы пландарынын бири -  байыркы жибек  жолун  жаңыча шартта калыбына келтирип, коопсуздук  курчоосун, бирдиктүү экономикалык тилкени  түзүү  болсо, буга чейин ага Ооганстандагы тынбаган согуш жолтоо болуп келген. Кабулдун бийлиги турукташса, аны Түштүк  Азияда ишке ашырууга чоң мүмкүнчүлүк  ачылганы турат. Кытайдын Эксим банкы Ооганстандын түндүгүнөн Пакистанга чейинки темир жолду каржылоого даяр экендигин билдирген. Талибдер  Шиңжандагы абалга байланыштуу конфессиялык жактан Кытайга душман  болушса да, Пекин ага көзүн жумуп, экономикалык жактан Ооганстанда негизги позицияны ээлегенге аракет кылууда. Аны талибдердин Азияда ислам халифатын куруу жөнүндөгү идеялары анчалык деле тынчсыздандырбайт, анткени ал биринчиден, аскердик, экономикалык жактан аябагандай күчтүү. Экинчиден, Пакистан менен жакын шериктеш. Ал эми талибдер тактеке болсо, анын жиби Пакистандын колунда. Пакистан аркылуу Кытай талибдер менен оңой эле тил табышат.

Ооганстандын “майтокочун” бөлүштүрүүдөн Россия гана четте калганы турат. Анын буга чейин Ооганстан менен экономикалык байланышы жокко эсе болчу. Күтүү абалында тура берсе, негизги позициялардын баарын Кытайга, Түркияга алдырат.

Мурда Түркия  аймактык  экономикалык  держава катары гана эсептелсе, акыркы жылдарда аскердик держава катары да таанылууда. Россиянын мыкты делген аскердик куралдарын, техникаларын Түркиянын  учкучсуз учактары Сирияда, Ливияда, Азербайжан-Армения согушунда компьютердик  оюндардагыдай эле талкалап салды. Аймактык үч кагылышууда мыкты делген ЗРКларынан (зениттик ракеталык комплекс) 70тен ашыгы жок кылынды. Россиянын Армениядагы куралдарына Ильхом Алиев ачык эле “хлам” деп баалады. Эми Түркиянын аскерлери  Кабулдагы аэропортту  кайтара  тургандыгы  маалымдалды. Эгерде Түркиянын башка дагы алысты көздөгөн максаты болбосо, ал аэропортту кайтарганга эле макул болмок эмес. Оогандык “пирогдон” Түркия да өз үлүшүн алгысы келүүдө. Түркия менен Пакистандын мамилеси да жакшы экендигин эске алсак, ал транспорт, курулуш, тейлөө чөйрөлөрүнө  биротоло кирүүсү  мүмкүн. Грузиянын аэропортторунун дээрлик бардыгы түрктөрдүн колдорунда. Анан алар көнгөн адаттарынча мектептерди, ЖОЖдорду   ачышат, азыркы гана эмес, Ооганстандын келечектеги жарандары үчүн да күрөштү башташат.

Ооганстандагы согуш биротоло тынчып, саясый абал  турукташса, Борбордук Азиядагы өлкөлөргө да чоң экономикалык, соода мүмкүнчүлүктөрү ачылмак. Биздин ишкерлер товарларын КМШнын аймагына гана эмес, Ооганстанга, андан ары Пакистанга, Индияга, Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнө экспорттой алышмак. Эгерде Өзбекстандан Пакистанга чейин темир жол курулса, дүйнөлүк океандардын жолдоруна чыга башташмак.

Бир сөз менен айтканда, талибдер кооптондурса да “Ооганстандын  майтокочу” чоң  державалардын гана эмес, кошуна чакан өлкөлөрдүн да ичтейлерин ачып, колдорун  кычыштырууда. Мында саясый, конфессиялык карама каршылыктар четке  түртүлүп, “өгүз да болсо, сүт берсе болду” деген гана принцип үстөмдүк кылууда.

 

Булак: “Майдан. kg” гезити