Быйыл да күзүндө Жогорку Кеңешке шайлоо болмокчу. Бул маанилүү  өнөктүккө саясый партиялар азыртан кам көрүп, 75 партия БШКга арыз берди. Демек, жаңы шайлоо мыйзамынын талабына ылайык ар бир партиянын аталышынан тышкары алардын талапкерлеринин аты-жөнү жазылганда шайлоо бюллетени тарыхта болуп көрбөгөндөй узарып, бул жагынан да Гиннестин рекорддор китебине кирип калчудайбыз.

Бирок бизде ар бир чоң-кичине шайлоолор акчасыз өтпөй, добуштар сатылып калгандыгы да чындык эмеспи. Эми бул акча ошол шайлоого катышкан талапкерлерден алынары да кашкайган чындык. Ал эми алдыңкы орундар кадимки эле соода биржасындай ар бир талапкердин эл арасындагы кадыр-баркы, билим деңгээлине карап эмес, шайлоо капчыгына төккөн акчасына жараша бөлүштүрүлөрү деле чындык.

Болочок депутаттар мандат үчүн канча акча төгүшөрүн ушул жумада ЖКнын комитет жыйынында Сайдулла Нышанов айтты. Эгер Сайдулла акенин сөзүнө ишене турган болсок, саясий партиялардын тизмелеринин алдыңкы саптарында тургандар депутат болуш үчүн 100 миң доллардан 1 миллион долларга чейин берип жатышыптыр. Ал эми депутаттардын саны 120дан 90го кыскарганын эске алганда, орун азайып, шайлоого жакын “ставка” мындан да көтөрүлүп кетиши мүмкүн. Кыскасы, чөнтөгүңдө акчаң, болгондо да пачка пачка “жашылбайлар” болбосо, билимиңе, коомдук ишмер жана активист экендигиңе ишенип, жөн эле убара болуштун кереги жок. Чындыгын айтканда, элибиз деле ансыз да аткарылбаган куру убадага ишенбей, добушун накталай акчага сатканга өтүп албадыбы. Андыктан бул ирет парламентке жалаң олигарх-байлар келеринен да шек санабай эле коюңуз.

Демек, бул ирет да шайлоо таза өтөт, карапайым калк добушун сатпайт деп айтууга болобу?

Булак: “Майдан. kg” гезити